Хадистердин тизмеси

Тазалык – ыймандын жарымы. "Алхамдулиллах" деп айтуу амал таразасын толтурат. "Субхааналлах" жана "Алхамдулиллах" деп айтуу асман менен жердин
عربي الإنجليزية الأوردية
Усман ибну Аффандын (Аллах андан ыраазы болсун) кулу Хумрон айтат: “Усман ибну Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) даарат алганга суу алдырды да идиштеги суудан эки колуна куюп, колдорун үч жолу жууду. Андан кийин оң колу менен идиштен суу алып оозу менен мурдун чайкады. Андан соң бетин үч жолу жана колдорун чыканакка чейин үч жолу жууду. Андан кийин башына масх тартты да эки бутун үч жолудан жууду. Анан мындай деп айтты: “Мына мен ушундай даарат алганымдай Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат алып жатканын көрдүм”. Анан айтты: “Ким менин даарат алганымдай даарат алып, эч нерсени сүйлөбөй эки рекет намаз окуса, Аллах Таала анын өткөн күнөөлөрүн кечирет”.*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет
عربي الإنجليزية الأوردية
Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин
عربي الإنجليزية الأوردية
Суу жетпеген согончокторго азап болот, дааратты жеткиликтүү алгыла!" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын
عربي الإنجليزية الأوردية
Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү
عربي الإنجليزية الأوردية
“Силерден ким болбосун уйкуга жаткан учурда шайтан желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү түйүп жатып "Алдыда узун түн бар, уктай бер деп түйгөн жерине урат
عربي الإنجليزية الأوردية
Силерден бирөөңөр уйкудан турганда мурдун үч жолу кеңилжээрине чейин тазалап жуусун. Анткени шайтан мурундун кеңилжээринде түнөйт
عربي الإنجليزية الأوردية
Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу
عربي الإنجليزية الأوردية
“Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жолудан, бир жолудан жууп даарат алды
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки жолудан, эки жолудан жууп даарат алды
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын
عربي الإنجليزية الأوردية