+ -

عَنْ ‌حُمْرَانَ مَوْلَى عُثْمَانَ بْنِ عَفَّانَ أَنَّهُ رَأَى عُثْمَانَ بْنَ عَفَّانَ دَعَا بِوَضُوءٍ، فَأَفْرَغَ عَلَى يَدَيْهِ مِنْ إِنَائِهِ، فَغَسَلَهُمَا ثَلَاثَ مَرَّاتٍ، ثُمَّ أَدْخَلَ يَمِينَهُ فِي الْوَضُوءِ، ثُمَّ تَمَضْمَضَ وَاسْتَنْشَقَ وَاسْتَنْثَرَ، ثُمَّ غَسَلَ وَجْهَهُ ثَلَاثًا، وَيَدَيْهِ إِلَى الْمِرْفَقَيْنِ ثَلَاثًا، ثُمَّ مَسَحَ بِرَأْسِهِ، ثُمَّ غَسَلَ كُلَّ رِجْلٍ ثَلَاثًا، ثُمَّ قَالَ: رَأَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَتَوَضَّأُ نَحْوَ وُضُوئِي هَذَا، وَقَالَ: «مَنْ تَوَضَّأَ نَحْوَ وُضُوئِي هَذَا ثُمَّ صَلَّى رَكْعَتَيْنِ لَا يُحَدِّثُ فِيهِمَا نَفْسَهُ غَفَرَ اللهُ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Усман ибну Аффан, радыяллаху анхунун, кулу Хумрон айтат: "c2">“Усман ибну Аффан, радыяллаху анху, даарат алганга суу алдырды да идиштеги суудан эки колуна куюп, колдорун үч жолу жууду. Андан кийин оң колу менен идиштен суу алып оозу менен мурдун чайкады. Андан соң бетин үч жолу жана колдорун чыканакка чейин үч жолу жууду. Андан кийин башына масх тартты да эки бутун үч жолудан жууду. Анан мындай деп айтты: “Мына мен ушундай даарат алганымдай Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, даарат алып жатканын көрдүм”. Анан айтты: "c2">“Ким менин даарат алганымдай даарат алып, эч нерсени сүйлөбөй эки рекет намаз окуса, Аллах таала анын өткөн күнөөлөрүн кечирет”.
Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Усман, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, дааратынын сыпатталышын иш-жүзүндө, өтө ачык болсун деп үйрөттү. Ошентип, ал идишке суу алдырды да үч жолу эки колун жууп, андан кийин оң колун идишке салып, сууну алып, оозуна айлантып, кайрадан сууну чыгарды. Андан кийин сууну мурдунун ичине чейин тартып, анан аны чыгарып чимкирди. Анан үч жолу жүзүн жууду, анан эки колун чыканактары менен үч жолу жууду. Анан суу болгон колу менен башына бир жолу масх тартты. Андан кийин үч жолу кызыл ашыгы менен кошо бутун жууду.
Усман, радыяллаху анху, даарат алып бүткөндөн кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ушундай даарат алып жатканын көргөнүн айтып, аларга Пайгамбар мындай деп сүйүнчүлөгөнүн да айтты: "Ким Пайгамбар даарат алган сыяктуу даарат алып, эки рекет намазды тынчтанып, жүрөгүн Улуу Раббисине тапшырып окуса, анда Аллах таала бул толук даараты үчүн жана бул чын ыклас менен окулган намаз үчүн анын мурунку күнөөлөрүн кечирүү менен сыйлайт".

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Даараттын башталышында колду идишке салуудан мурда, уйкудан турбаган болсо да эки колду жууш сооптуу амалдардан. А эгерде түнкү уйкудан турган болсо, анда эки колун сөзсүз жууш керек.
  2. Мугалим окуучу үчүн билимди түшүндүрүүдө жана бекем илим алууда эң мыкты ыкмаларды тандашы керек. Мына ошол түшүндүрүү ыкмаларынан иш жүзүндө көрсөтүп үйрөтүү.
  3. Намаз окуп жаткан адам дүнүйө иштерине байланыштуу ойлордон алыс болушу керек. Ошондуктан намаздын толук бүтүшү жана кемчиликсиз болушу андагы жүрөктүн даярдыгына жараша болот. Антпесе, ойлордон сактана албайт. Ал өзүнүн напсине каршы күрөшүп, ага алданып калбашы керек.
  4. Оң жактан баштап даарат алуу мустахаб (3) амалдардан.
  5. Оозду чайкоо менен мурунга суу алып кайра чыгаруунун ортосундагы тартиптин шарият мыйзамына киргизилүүсү.
  6. Бетти, эки колду, эки бутту үч жолудан жууш мустахаб амалдардан. Ал эми бир жолу жууш важиб.
  7. Аллахтын өткөн күнөөлөрдү кечирип жибериши эки нерсенин негизинен келип чыгат. Алар: хадисте айтылган сыпаттарга ылайык даарат алуу жана эки рекет намаз окуу.
  8. Даарат алып жатканда ар бир мүчөнүн жуулучу чеги бар. Демек даарат алып жаткандагы беттин чеги: баштын чач чыккан жеринен баштап сакал менен ээктин астына чейин жана туурасынан кулактан кулакка чейин. Колдун чеги: манжалардын учунан чыканакка чейин, бул билек менен колдун үстүнкү мууну. Баштын чеги: баштын чач чыккан жеринен баштап беттин капталынан моюндун өйдө жагына чейин. Эки кулакка масх тартуу да баштын чегине кирет. Ал эми буттун чеги: бут менен балтырдын ортосундагы кызыл ашыкка чейин.