Пайгамбардын которулган хадистеринин энцклопедиясы

Бул долбоор пайгамбардын ишенимдүү хадистеринин жеңил түшүндүрмөлөрүн жана так котормолорун жайылтууга багытталган.

Please review the Terms and Policies
عربي: Excel - PDF
English: Excel - PDF
Français: Excel - PDF
Español: Excel - PDF
Bahasa Indonesia: Excel - PDF
বাংলা: Excel
اردو: Excel - PDF
ئۇيغۇرچە: Excel
Hausa: Excel
Kurdî: Excel
Tagalog: Excel
Tiếng Việt: Excel
فارسی: Excel
中文: Excel
हिन्दी: Excel
සිංහල: Excel
Bosanski: Excel
Русский: Excel - PDF
Türkçe: Excel
Português: Excel
മലയാളം: Excel
తెలుగు: Excel
Kiswahili: Excel
தமிழ்: Excel
မြန်မာ: Excel
ไทย: Excel
Кыргызча: Excel
日本語: Excel
Deutsch: Excel
नेपाली: Excel
پښتو: Excel
অসমীয়া: Excel
Shqip: Excel
Svenska: Excel
አማርኛ: Excel
Nederlands: Excel
ગુજરાતી: Excel
Yorùbá: Excel
Lietuvių: Excel
دری: Excel
Српски: Excel
Soomaali: Excel
тоҷикӣ: Excel
Kinyarwanda: Excel
Română: Excel
Magyar: Excel
Čeština: Excel
Moore: Excel
Malagasy: Excel
Fulfulde: Excel
Italiano: Excel
Oromoo: Excel
ಕನ್ನಡ: Excel
Wolof: Excel
Български: Excel
Azərbaycan: Excel
Ελληνικά: Excel
Akan: Excel
O‘zbek: Excel
Українська: Excel
ქართული: Excel
Lingala: Excel
Македонски: Excel
ភាសាខ្មែរ: Excel
Bambara: Excel
ਪੰਜਾਬੀ: Excel
मराठी: Excel

Хадистердин тизмеси

«Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты дүнүйөгө жетүү үчүн же аялга үйлөнүү үчүн болсо, анда анын хижраты эмнеге болсо ошол үчүн хижрат кылган болот». Ал эми имим Бухаринин риваятында: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет» - деп келет.*@
عربي Алглисче Урдуча
Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат
عربي Алглисче Урдуча
«Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир киши келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да экенбиз. Ал келип эле Аллахтын элчисинин тизесине тизесин тийгизип, колдорун сандарына коюп олтурду да: – Оо, Мухаммад! Мага Ислам жөнүндө айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: – Ислам – бул Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берүүң, намазды толук аткарууң, зекет берүүң, Рамазан орозосун тутууң жана күчүң жетсе каабага ажылык кылууң. - Деп жооп берди. Жанагы киши: – Туура айттың. - Деди. Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык. Андан кийин ал: – Эми мага Ыйман жөнүндө айтып бер. - Деп сурады. Аллахтын элчиси: – Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болоруна ишенүүң. - Деп жооп берди. Ал киши: – Туура айттың. - Деди. Анан: – Эми мага Ихсан жөнүндө айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: Ихсан – бул сен Аллахты көрүп турганыңдай Ага сыйынууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат. - Деп жооп берди. Ал киши: – Кыямат качан болорун айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: – Бул жөнүндө суралуучу сурап жаткандан артык билбейт. - Деп жооп берди. Ал киши: – Андай болсо, мага кыяматтын белгилери туурасында айтып бер. - Деди. Ал айтты: – Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт, жылаң аяк, киерге кийими жок кедей малчылар бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканына күбө болосуң. - Деп жооп берди. Умар айтты: «Андан кийин ал киши кетип калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчиси менден: – Эй, Умар! Суроо узаткан киши ким экенин билесиңби? - Деп сурады. Мен: – Аллах жана Анын элчиси жакшы билет. - Деп жооп бердим. Ошондо ал: – Чындыгында, ал Жебреил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле. - Деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген
عربي Алглисче Урдуча
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат"* - деп айтты.@
عربي Алглисче Урдуча
Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат
عربي Алглисче Урдуча
Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».@
عربي Алглисче Урдуча
Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди
عربي Алглисче Урдуча
«Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын. Аларга барганыңда аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах аларга бир күндө беш убак намазды парз кылгандыгын кабар бергин. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах алардын байларынан алынып кедейлерине бериле турган зекетти парз кылгандыгын кабар бергин. Эгерде алар аны кабыл кылышса, зекетке алардын эң жакшы малын алып коюудан алыс бол. Зулум чеккен адымдын дубасынан сактан. Анткени анын дубасы менен Аллахтын ортосунда тосмо жок.@*
عربي Алглисче Урдуча