عَنْ جَابِرٍ رضي الله عنه قَالَ:
أَتَى النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ رَجُلٌ فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، مَا الْمُوجِبَتَانِ؟ فَقَالَ: «مَنْ مَاتَ لَا يُشْرِكُ بِاللهِ شَيْئًا دَخَلَ الْجَنَّةَ، وَمَنْ مَاتَ يُشْرِكُ بِاللهِ شَيْئًا دَخَلَ النَّارَ»
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 93]
المزيــد ...
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 93]
Бир киши Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзгөчө эки маселе туурасында сурады. Алар: Бейишке киргизген амал жана тозокко түшүргөн амал. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Бейишке киргизген нерсе - ал адам Аллахка сыйынып жана ага эч нерсени шерик кылбай өтүшү" - деп жооп берди. Ал эми тозокко түшүүгө себеп болгон нерсе - бул адам Аллахка шерик кошуп өлгөндө, бирөөнү Аллахка тең же Анын улухуятында, же рубубиятында, же Анын ысымдары менен сыпаттарында окшош деп эсептегенде болот.