عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه أَنَّهُ قَالَ:
قِيلَ: يَا رَسُولَ اللهِ، مَنْ أَسْعَدُ النَّاسِ بِشَفَاعَتِكَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ؟ قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَقَدْ ظَنَنْتُ يَا أَبَا هُرَيْرَةَ أَنْ لَا يَسْأَلَنِي عَنْ هَذَا الْحَدِيثِ أَحَدٌ أَوَّلُ مِنْكَ؛ لِمَا رَأَيْتُ مِنْ حِرْصِكَ عَلَى الْحَدِيثِ، أَسْعَدُ النَّاسِ بِشَفَاعَتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ، مَنْ قَالَ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ خَالِصًا مِنْ قَلْبِهِ أَوْ نَفْسِهِ»».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 99]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
«Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 99]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү анын шапааты менен эң бактылуу адам: «Лаа илааха иллаллах, б.а. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок» - деп эл көрсүн дебей жана ширк кылбастан, чын ыклас менен жүрөгүнөн айткан адам экендигин кабар берип жатат.

Хадистин пайдалары

  1. Акыретте Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шапаат берилээрин жана ал бир гана чыныгы муаххидтер (2) үчүн болоору тастыкталып жатат.
  2. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шапааты бул - тозокко кирүүгө татыктуу болгон момундардын тозокко кирбештиги үчүн, эгерде тозокко кирген болсо ал жактан чыгуусу үчүн Аллах менен алардын ортосуна түшкөн Пайгамбардын ортомчулугу.
  3. Калыс Аллах Таала үчүн айтылган таухид келимесинин пазилети жана анын чоң таасири.
  4. Таухид келимесин ишке ашыруу анын маанисин билүү жана анын талабына ылайык амал кылуу менен болот.
  5. Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) пазилети жана илимге болгон кызыгуусу.
Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية الأكانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية الخميرية البامبارية البنجابية الماراثية الدنماركية الكيروندي
Котормолорду көрсөтүү
Дагы...