عن عبد الله بن مسعود قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«هَلَكَ الْمُتَنَطِّعُون» قالها ثلاثًا.

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2670]
المزيــد ...

Абдуллах ибн Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун):
«Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2670]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдө жана динде, ошондой эле сөздөрүндө жана иштеринде илимсиздик менен Пайгамбар алып келген шарияттын чегинен чыгып, чектен ашкандардын зыянга учураарын кабар берип жатат.

Хадистин пайдалары

  1. Бардык иште аша чаап кетүүдөн тыюу салынат жана бардык иште аша чаап кетүүдөн алыс болууга кызыктыруу керек. Өзгөчө ибадатта жана салих адамдарды ашыра улуктоого тыюу салынган.
  2. Ибадатты толук түрдө аткаруу макталган жакшы иш, бирок шарият көрсөткөн жол менен болуусу зарыл.
  3. Маанилүү жана өтө зарыл иштерди Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үч жолу кайталап эскерткендей бекемдеп эскертүү мустахаб.
  4. Ислам дини оңой жана жеңил.
Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية الأكانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية الخميرية البامبارية البنجابية الماراثية الدنماركية الكيروندي
Котормолорду көрсөтүү
Дагы...