+ -

عَنْ عَبْدِ اللهِ بنِ مَسْعُودٍ رضي الله عنه قال:
قَالَ النَّبِيُّ صلى الله عليه وسلم كَلِمَةً وَقُلْتُ أُخْرَى، قَالَ النَّبِيُّ صلى الله عليه وسلم: «مَنْ مَاتَ وَهُوَ يَدْعُو مِنْ دُونِ اللهِ نِدًّا دَخَلَ النَّارَ» وَقُلْتُ أَنَا: مَنْ مَاتَ وَهُوَ لَا يَدْعُو لِلهِ نِدًّا دَخَلَ الْجَنَّةَ.

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир сөздү айткан, мен болсо андан башкасын айттым. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди. Мен болсо: Ким Аллахтан башканы кудай деп дуба кылбастан өлсө, бейишке кирет - дедим.

Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким Аллах Таалага аткарыла турган кайсы бир ишти, мисалы Аллахтан башкага дуба кылуу, Андан башкадан жардам суроо сыяктуу иштерди кылса жана ошентип жүрүп дүйнөдөн өтүп кетсе, ал тозоктун тургуну болорун кабарлаган. Ал эми Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) буга кошумчалап, кимде-ким Аллахка эч нерсени шерик кылбай (Аллахтын өзүнө ибадат кылып) жүрүп дүйнөдөн өтсө, анын турагы бейиш болорун айткан.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Дуба - бул, Аллахтан башкага аткарылбай турган ибадат.
  2. Тавхиддин б.а. бир Аллахка сыйынуу ишениминин артыкчылыгы айтылган, анткени ким тавхид менен өлсө, кээ бир күнөөлөрү үчүн азапталса да, акыры бейишке кирет.
  3. Ширктин коркунучтуулугу айтылган, анткени ким шерик кошуп жүрүп дүйнөдөн өтүп кетсе, тозокко кирет.