Хадистердин тизмеси

Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, яхуди болобу, христиан болобу бул үммөттөн ким мен (жөнүндө) угуп, кийин мен жиберилген динге ишенбей өлүп кетсе, тозок ээлеринен болот
عربي Алглисче Урдуча
"Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда, аны жүзүнөн алып салып жатты. Ал ошондой оор абалда жатып: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан" - деп алардын кылгандарынан эскертип жатты".*@
عربي Алглисче Урдуча
Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады
عربي Алглисче Урдуча
«Улуу Аллах Таала айтты: «Мен ширк келтирген шериктерге муктаж эмесмин. Ким Мага иш-аракетти кылууда башканы шерик кошсо, анда Мен аны ошол ширкине таштаймын.*@
عربي Алглисче Урдуча
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө мага халил (1) болуусунан коргоо сураймын. Чындыгында, Аллах Ибрахим, алейхис саламды, Өзүнө халил кылып алгандай мени да өзүнө халил кылып алды. Эгерде мен үммөтүмдөн кимдир бирөөнү өзүмө халил кылып алтурган болсом, анда Абу Бакрды халил кылып алмакмын. Силерден алдыңкы коомдор пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит кылып алышпадыбы?!. Силер кабырларды мечит кылып албагыла. Мен силерди андай кылуудан тыямын».*@
عربي Алглисче Урдуча
Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот
عربي Алглисче Урдуча
Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот
عربي Алглисче Урдуча
Мунафыктар үчүн эң оор намаз – куптан жана багымдат намаздары. Эгер алар ал намаздарда эмне бар экенин билишкенде, анда жөрмөлөп болсо да келишмек. Мен намаз окууга буйрук берип, намаз окулуп, бир кишини адамдарга имам болуп намаз окууга буюруп, анан мен отун көтөргөн кишилер менен намазга келбеген адамдарга барып алардын үйлөрүн өрттөөнү кааладым
عربي Алглисче Урдуча
Адамдардын эң жаманы - Кыямат кайым болгондо тирүү болгондор жана мүрзөлөрдү мечитке (ибадатканага) айландырып алгандар
عربي Алглисче Урдуча
Менин силер үчүн корккон нерселеримдин эң коркунучтуусу - кичине ширк". "Кичине ширк деген эмне?" - дешти. Аллахтын элчичи мындай деди: "Рия
عربي Алглисче Урдуча
«Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын. Аларга барганыңда аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах аларга бир күндө беш убак намазды парз кылгандыгын кабар бергин. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах алардын байларынан алынып кедейлерине бериле турган зекетти парз кылгандыгын кабар бергин. Эгерде алар аны кабыл кылышса, зекетке алардын эң жакшы малын алып коюудан алыс бол. Зулум чеккен адымдын дубасынан сактан. Анткени анын дубасы менен Аллахтын ортосунда тосмо жок.@*
عربي Алглисче Урдуча
Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла
عربي Алглисче Урдуча
«Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».@
عربي Алглисче Урдуча
Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет
عربي Алглисче Урдуча
Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет
عربي Алглисче Урдуча
Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат
عربي Алглисче Урдуча
Аллах кимге жакшылык кааласа, анда ага сыноо жиберет
عربي Алглисче Урдуча
Мен силерге айтпаган нерсени ошол бойдон калтыргыла! Анткени, силерден мурдагылар керексиз көп суроо бергени жана пайгамбарларына каяша кылганы үчүн кыйрап жок болгон
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Улуу Раббисинен риваят кылган хадисте мындай деп айтты: «Чындыгында, Аллах жакшылыктарды да, жамандыктарды да жазып анан аны ачык баяндады. Кимде-ким бир жакшылык кылууну каалап, аны аткара албай калса, анда Аллах Өзүндө ага толук жакшылык жазат. А эгерде ал ниет кылып аны аткарса, анда Аллах Өзүндө ага он эседен жети жүз эсеге чейин, бир канча эселетип жазат. Кимде-ким бир жамандык кылууну ниет кылып, аны кыла албай калса, анда Аллах ага толук жакшылык жазат. А эгерде ниет кылып аны аткарган болсо, анда Аллах Өзүндө ага бир жамандыкты гана жазат».@
عربي Алглисче Урдуча
Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт
عربي Алглисче Урдуча
«Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир киши келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да экенбиз. Ал келип эле Аллахтын элчисинин тизесине тизесин тийгизип, колдорун сандарына коюп олтурду да: – Оо, Мухаммад! Мага Ислам жөнүндө айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: – Ислам – бул Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берүүң, намазды толук аткарууң, зекет берүүң, Рамазан орозосун тутууң жана күчүң жетсе каабага ажылык кылууң. - Деп жооп берди. Жанагы киши: – Туура айттың. - Деди. Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык. Андан кийин ал: – Эми мага Ыйман жөнүндө айтып бер. - Деп сурады. Аллахтын элчиси: – Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болоруна ишенүүң. - Деп жооп берди. Ал киши: – Туура айттың. - Деди. Анан: – Эми мага Ихсан жөнүндө айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: Ихсан – бул сен Аллахты көрүп турганыңдай Ага сыйынууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат. - Деп жооп берди. Ал киши: – Кыямат качан болорун айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: – Бул жөнүндө суралуучу сурап жаткандан артык билбейт. - Деп жооп берди. Ал киши: – Андай болсо, мага кыяматтын белгилери туурасында айтып бер. - Деди. Ал айтты: – Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт, жылаң аяк, киерге кийими жок кедей малчылар бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканына күбө болосуң. - Деп жооп берди. Умар айтты: «Андан кийин ал киши кетип калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчиси менден: – Эй, Умар! Суроо узаткан киши ким экенин билесиңби? - Деп сурады. Мен: – Аллах жана Анын элчиси жакшы билет. - Деп жооп бердим. Ошондо ал: – Чындыгында, ал Жебреил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле. - Деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат
عربي Алглисче Урдуча
«Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондуктан силер, эч качан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! Эй, пенделерим! Чындыгында силердин баарыңар адашуудасыңар, бир гана Мен туура жолго салып койгон адамдар гана туура жолдо. Мына ошондуктан силер Менден туура жол сурагыла! Ошондо Мен силерди туура жолго саламын. Эй, пенделерим! Чындыгында, бардыгыңар ачкасыңар, Мен ырыскы берген адамдар гана ток болушат. Ошондуктан менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы беремин. Эй, пенделерим! Акыйкатта силердин араңардан, Мен кийинтип койгон адамдардан башка баарыңар жылаңачсыңар. Ошондуктан силер – Менден гана кийиндирүүнү сурангыла, Мен силерди кийимдүү кылам. Эй, пенделерим! Силер эртеден кечке күнөө кыласыңар. Ал эми Мен күнөөлөрдүн бүт баарын кечиремин. Ошондуктан силер – Менден кечирим сурагыла! Мен силерди кечиремин. Эй, пенделерим! Мага зыян бергенге аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага зыян бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Силер Мага пайда бергенге да аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага пайда бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү силердин араңардан эң такыбалуу бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде такыбаа болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени көбөйтпөйт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү, силердин араңардан эң жаман бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде жаман болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени азайтпайт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп туруп, Менден муктаждыктарын сураса, Мен алардын ар бирине сураган нерселерин берсем да бул нерселер – ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусун ийне азайткан сыяктуу менин мүлкүмдөн ошончолук деңгээлде гана кемите алат. Эй, пенделерим! Чындыгында, алар силердин кылган иш-аракеттериңер. Ал иш-аракеттериңерди эсеп-кысап кылам. Анан ошого жараша силерге сооп же жаза берем. Кимде-ким өзүн жакшы абалда тапса, анда ал Аллахка мактоо айтсын. Ал эми кимде-ким өзүн жакшы абалда таппаса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн».*@
عربي Алглисче Урдуча
«Күндөрдүн биринде мен пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун табасың. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. Билгиниң! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн бардыгы сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».*@
عربي Алглисче Урдуча
Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты
عربي Алглисче Урдуча
Ким бир коомго өзүн окшотсо, анда ал ошолордон
عربي Алглисче Урдуча
Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң
عربي Алглисче Урдуча
Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми кимде-ким бирөөнү кыйнаса, анда Аллах аны кыйынчылыка салып коёт
عربي Алглисче Урдуча
Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар
عربي Алглисче Урдуча
Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт
عربي Алглисче Урдуча
Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө коюлган нерсени көрсөң тегиздеп түздөгүн - деди
عربي Алглисче Урдуча
Куш учурган жана учурткан, көзү ачыктык кылган жана көзү ачыктык кылдырткан, сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган
عربي Алглисче Урдуча
Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт
عربي Алглисче Урдуча
Ким жылдыз илиминен үйрөнсө ал сыйкырдын бир бутагын (бир азын) үйрөнгөн болот, көбөйткөн сайын көбөйө берет
عربي Алглисче Урдуча
Ыйман жетимиш канча, же алтымыш канча бутактан турат. Анын эң бийиги "Лаа илааха иллаллоох" сөзү, эң төмөнү жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо
عربي Алглисче Урдуча
Төөлөрдүн моюнундагы тебеге байланган мончокторду да, башка мончокторду калтырбай алышсын" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык
عربي Алглисче Урдуча
Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат
عربي Алглисче Урдуча
Кыямат күнү тозокто эң жеңил азап тартып жаткан адамга кайрылып Аллах Таала: "Эгер сенде жер бети толо мүлкүң болсо, аны берип өзүңдү азаптан куткарат белең?" - деп сурайт. Ал: "Ооба"
عربي Алглисче Урдуча
Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты
عربي Алглисче Урдуча
Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат
عربي Алглисче Урдуча
Раббибиз Улук Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөт
عربي Алглисче Урдуча
Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!
عربي Алглисче Урдуча
Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп
عربي Алглисче Урдуча
Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген
عربي Алглисче Урдуча
Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы
عربي Алглисче Урдуча
Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат
عربي Алглисче Урдуча
Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам
عربي Алглисче Урдуча
Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асман менен жердин
عربي Алглисче Урдуча
Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби
عربي Алглисче Урдуча
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат"* - деп айтты.@
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».@
عربي Алглисче Урдуча
мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Аллах Кыямат күнү үммөтүмдөн бир адамды бардык адамдардын арасынан тандап алат. Анан токсон тогуз китепти көзгө көрүнгөн жерге чейин жайат. Ар бир китеп көзгө көрүнгөн жерге чейинки чоңдукта болот. Андан кийин мындай дейт: «Булардын кайсы бирин жокко чыгарасын? Менин сактоочу жазуучуларым сага зулумдук кылыштыбы? Ал: «Жок, Раббим» – дейт. Анан: "Сенин үзүрүң барбы?" - дейт. Ал: «Жок, Раббим» - дейт. Роббиси: «Бирок, Бизде сенин бир жакшылыгың бар» - дейт. Чындыгында, бүгүн сага эч кандай зулумдук кылынбайт. Ал китептин ичинен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем» - деген жазуусу бар баракча чыгарылат. Роббиси: «Амал таразаны алып келгиле» дейт, анан: «Оо, Раббим! Бул баракча чоң китептердин алдында эмнеге жарайт? - дейт. Раббиси: «Силерге зулум кылынбайт» - деди. Андан кийин китептерди таразанын бир табагына салып, баракчаны таразанын экинчи табагына койгондо баракча китептерге басымдуу келет. Мына ошондуктан Аллахтын ысымы менен эч нерсе тең келбейт
عربي Алглисче Урдуча
Аллах бейиш менен тозокту жаратканда Жебреил периштени бейишке жөнөтүп: «Бейишке көз салып көр, мен ал үчүн эмнелерди гана даярдаганымды кара» - деди. Жебреил периште бейишти көрүп чыгып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, аны ким гана уккан болсо, анда ага сөзсүз аракет кылып кирет" - деди. Ошондо Аллах бейишти кыйынчылыктар менен курчоого буйруду. Анан Жебреил периштеге: «Бейишке баргын да, бейишти жана Мен анда анын эли үчүн эмнелерди даярдап койгонумду карагын» - деп жөнөттү. Жебреил периште бейишке келип караса, анын айланасы кыйынчылыктар менен курчалган экен. Жебреил периште Раббисине келип мындай деп айтты: «Сенин кудуретиңе ант болсун, ага эч ким кире албайтко деп корктум». Аллах ага: «Сен баргын да, тозокту жана анын эли үчүн эмнени даярдап койгонумду көр» - деп буйруду. Периште тозокко барып караса, алар биринин алоолонгон отунан экинчисин оту өйдө болуп жанып жаткан экен, анан кайра кайтып келип: «Сенин улуулугуңа ант болсун, ага эч ким кирбейт» – деп айтат. Ошондо Аллах аны азгырыктар менен курчоого буйруйт. Анан Жебреилге: «Артка кайтып барып, аны кайрадан карагын» - деп кайра карап келүүгө буйруйт. Жебреил периште барып караса, анын айланасы азгырыктар менен курчалган болот. Ал Аллахка кайтып барып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, мен андан эч ким кутула албайт деп коркуп турам» - деп айтат
عربي Алглисче Урдуча
Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жыл
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла!
عربي Алглисче Урдуча
Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат
عربي Алглисче Урдуча
Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот
عربي Алглисче Урдуча
Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды
عربي Алглисче Урдуча
Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот
عربي Алглисче Урдуча
Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши кыяматтын качан болорун сурап: Кыямат качан болот? - деди. Пайгамбар андан: "Кыяматка эмне даярдыгың бар?" - деп сурады.
عربي Алглисче Урдуча
Силерге Дажжалдын мурдагы пайгамбарлар коомуна айтпаган сыпаттарын айтып берейинби?" Анын көзү сокур. Ал бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрөт.
عربي Алглисче Урдуча
Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын
عربي Алглисче Урдуча
Жакшы иш-амалдарды аткарууга шашылгыла. Караңгы түн каптагандай фитна-азгырыктар каптаган заман келет
عربي Алглисче Урдуча
Лаа илаха иллаллааху, чоң жамандык жакындап келе жаткан араптардын шору курусун. Бүгүн Йажуж менен Мажуждун тосмосунун ушунча жери ачылды"
عربي Алглисче Урдуча
Аллах Таалага таза, күнөөсү жок жолугуусу үчүн ыймандуу эркектин жана ыймандуу аялдын өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө ар кандай балээ, сыноолор боло берет
عربي Алглисче Урдуча
Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтпагыла. Анын ордунда: "Аллах каалады андан кийин баланча каалады" - дегиле
عربي Алглисче Урдуча
Силерден мурдагылардын жолун изме-из, карышма-карыш ээрчийсиңер
عربي Алглисче Урдуча
Ким туура жолго багыт берсе, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт
عربي Алглисче Урдуча
Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах аны кетирет
عربي Алглисче Урдуча
Анан ага: Сен биздин төрөбүзсүң - десек, ал: "Төрө - Аллах" - деди. Биз: Даража жагынан бийигибиз, берешендик жагынан артыгыбызсың - дедик. Ал: "Ушинтип айтсаңар болот, же мындан да азыраак айткыла. Шайтан силерди өкүл кылып албасын" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Ооруунун жугуусу, куш менен төлгө тартуу, үкү конгон үйдө жамандык болот деп ырым кылуу, Сафар айына ырым кылуу, мунун баары жок нерселер. Пес оорусу менен ооруган адамдан арстандан качкандай качкыла
عربي Алглисче Урдуча
Оору жукпайт, жамандыкка жоруу да жок. Мага фаьл жагат". Фаьл деген эмне? деп сурашканда: "Бул жакшы сөз" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ансарлар тууралуу: "Аларды ыймандуулар гана жакшы көрөт. Мунаафыктар гана жаман көрөт. Аларды жакшы көргөндөрдү Аллах жакшы көрөт. Аларды жаман көргөндөрдү Аллах жаман көрөт" - деген
عربي Алглисче Урдуча
“Эгер, бул сөзүнө турса, азаптан кутулат”. – деди”
عربي Алглисче Урдуча
Жаркырап күн чыгып жаткан күндөрдүн эң жакшысы бул - жума күн.
عربي Алглисче Урдуча
эмне кылууга байъат келишим кылабыз?" - дедик. Ал: "Аллахка ибадат кылууңарга жана Ага эч нерсени шерик кылбооңорго, беш убак намазга, баш ийүүңөргө" - деп, анан акырын үнү менен: "Адамдардан эч нерсени сурабооңорго
عربي Алглисче Урдуча
Мусулман кабырда суралганда: "Лаа илаха иллаллаху Мухаммад расулуллохи
عربي Алглисче Урдуча
Мен адамдар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине, Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бермейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче алар менен согуша берүүгө буйрулдум
عربي Алглисче Урдуча
Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт
عربي Алглисче Урдуча
Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот
عربي Алглисче Урдуча
"Эй, адам баласы! Эгер Мага дуба кылып, анын кабыл болуусун үмүт кылсаң, сенден болгон күнөөнүн баарын кечирип коюу Мага эч нерсе эмес
عربي Алглисче Урдуча
Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар
عربي Алглисче Урдуча
Жаным колунда турган Затка ант ичип айтам, силер да мурда өткөндөрдүн жолуна түшөсүңөр" - деди (ачууланып)
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, кээ бир иштер тууралуу сүйлөшүп, акырында: Аллах жана сен кааладың... - деди эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мени Аллахка шерик кыласыңбы?! Жалгыз Аллах каалады деп айткын" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Кыямат күнү Аллахтын алдында азабы катуу боло турган адамдар - Аллахтын жараткан нерселерине окшошту тарткандар" - деди.
عربي Алглисче Урдуча
"Адам баласы мени жалганчыга чыгарды, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Алар Мени сөгүштү, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле.
عربي Алглисче Урдуча
"Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок.
عربي Алглисче Урдуча
“Куру-жалак калган адам ким экенин билесиңерби?
عربي Алглисче Урдуча
Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт
عربي Алглисче Урдуча
Тумар тагынган адам, чынында ширк кылган болот" - деди
عربي Алглисче Урдуча
мечитке киргенде: "Ауузу биллахил азиим, ва би важхихил карим, ва султанихил кодим, минаш-шайтоонир-рожим
عربي Алглисче Урдуча
Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп сурайт. Алар: "Биз кантип ыраазы болбойбуз, Сен бизге башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бердиң" - дешет. Аллах Таала: "Мен силерге мындан да жакшыны берем" - дейт. Алар: "О, Рабби, мындан да жакшы нерсе болмок беле?
عربي Алглисче Урдуча
Ит жана сүрөт бар үйгө периштелер кирбейт
عربي Алглисче Урдуча
Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларага) жолдош болбойт
عربي Алглисче Урдуча
Шайтандардын (сыйынылган буттар) жана ата-бабаңардын аты менен ант ичпегиле
عربي Алглисче Урдуча
Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам
عربي Алглисче Урдуча
Менин сахабаларыма тил тийгизбегиле! Силерден бирөөңөр Ухуд тоосундай каржы берсе, анысы сахабаларымдын бир кочуш же анын жарымындай каржысына татыбайт
عربي Алглисче Урдуча
Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт.
عربي Алглисче Урдуча
Мен: "Оо, Аллахтын Элчиси, Ибн Жудаан Исламга чейинки доордо тууганчылык байланыштарды бекемдеп, кедей-кембагалдарды тоюндурчу, бул ага пайдасын береби?" - деп сурадым. Ал айтты: «Бул ага эч кандай пайда алып келбейт, анткени ал эч качан: «Раббим, Кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» - деп айткан эмес».@
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Аль-Худайбияда жамгыр жааган түнү биз менен бирге багымдат намазын окуду. Ал намаздан кийин элге кайрылып: «Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп айтышты. Пайгамбар айтты: «Раббиңер: Менин пенделеримдин арасынан Мага ыйман келтиргени жана Мага каапыр болгону бар» - деди . Кимде-ким: «Бизге Аллахтын пазилети жана ырайымы менен жамгыр жаады» деген болсо, анда алар Мага ыйман келтирди жана жылдыздарга каапырлык кылышты. Ал эми: «Бизге баланча же түкүнчө жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деген болсо, анда ал Мага каапыр болду жана жылдыздарга ыйман келтирди» - деп айтты.*@
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, сахабалар келип: «Биздин оюбузга айтканга тил барбаган жаман ойлор келет» - деп сурашты, анда Пайгамбар: «Силерге ушундай ойлор келип жатабы?» - деди. Алар: «Ооба» дешти. Пайгамбар: «Бул ыймандуулуктун ачык белгиси» - деп айтты. @
عربي Алглисче Урдуча
«Бир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биздин оюбузга ушундай ойлор келет. Аны сизге айтууга караганда күл болуп күйүп калганыбыз жакшыраак» - деп айтат. Анда Пайгамбарыбыз: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Шайтандын айла-амалын жөн гана азгырыкка таштаган Аллахка мактоолор болсун!» - деп айтты.@
عربي Алглисче Урдуча
Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун
عربي Алглисче Урдуча
Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал эми акыретке барганда, ал эч бир жакшылыгынын сообун албайт
عربي Алглисче Урдуча
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, айтыңызчы, мен Исламга чейинки доордо азат кылган, садака берген жана туугандык мамиле кылган иштерим үчүн соопторду аламбы?» - деп айттым. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Сендеги болгон жакшылык иштериң менен бирге Исламды кабыл алгансың» - деп айтты. @
عربي Алглисче Урдуча
Мунафыктын мисалы эки үйүрдүн арасында турган кой сыяктуу. Кээде бирисине барат, кээде экинчисине барат
عربي Алглисче Урдуча
Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла
عربي Алглисче Урдуча
Кыяматтын белгилери болгон кезде илим көтөрүлөт, наадандык көбөйөт, зина көбөйүп, арак көп ичилет. Эркектер азайып, аялдар көбөйөт. Камсыз кылган ар бир эркекке элүү аял туура келет
عربي Алглисче Урдуча
Бир киши экинчи бир кишинин кабырынын жанынан өтүп бара жатып: "Аттиң десе, ушунун ордунда мен болуп калганымда" деп (самап) калмайынча кыямат болбойт
عربي Алглисче Урдуча
Силер яхудийлер менен согушмайынча Кыямат болбойт. Ошондо таштын артында яхудий турса, таш: «Эй мусулман, менин артымда бир жөөт бар, аны өлтүр!» - деп айтат
عربي Алглисче Урдуча
Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Марямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат
عربي Алглисче Урдуча
Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат
عربي Алглисче Урдуча
Убакыт тарымайынча кыямат кайым болбойт
عربي Алглисче Урдуча
Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт
عربي Алглисче Урдуча
Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт
عربي Алглисче Урдуча
Силер мага келгениңерге чейин мен силерди Хаудумдун алдынан күтүп турам. Ошондо кээ бир адамдар мага жакын калганда жолдору жабылат. Мен: Оо, Раббим! Булар менден жана менин үммөтүмдөн деп айтам. Анда: «Сенден кийин алардын эмне кылгандарын билесиңби?. Аллахка ант болсун! Алар артка кайтып кетишкен» - деп айтылат
عربي Алглисче Урдуча
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, Хауддун идиштери кандай болот?» - деп айттым. Ал айтты: «Мухамматтын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Хауддун идиштери - караңгы түндө чыккан асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан көп чыгат. Ошондой эле бир адам бейиштеги идиштерден суусундук ичкен учуру - анын акыркы суусагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы келип куюлат, андан ичкен адам эч суусабайт. Хауддун узуну менен туурасы бирдей аралыкта. Аммандан Айла шаарына чейинки аралыкта болот. Анын суусу сүттөн ак, балдан таттуу болот».*@
عربي Алглисче Урдуча
Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.
عربي Алглисче Урдуча
Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозоктун оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз эсе ысык болду. Анын баары бул дүйнөнүн отунун ысыгындай ысык
عربي Алглисче Урдуча
Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн
عربي Алглисче Урдуча
Баары тагдыр менен болот. Жада калса жалкоолук жана шаттуулук да тагдыр менен болот». Башка риваятта: «шаттуулук жана жалкоолук» деп айтты
عربي Алглисче Урдуча
Эгерде Аллах бир пендени бир жерде өлүүнү тагдыр кылса, анда ага ошол жерде бир муктаждыгын жаратат
عربي Алглисче Урдуча
Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.@
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!
عربي Алглисче Урдуча
«Китеп ээлери Тауратты иврит тилинде окуп, аны араб тилинде Ислам элине түшүндүрүп беришчү. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Китеп ээлерине ишенбегиле жана аларды жалганга чыгарбагыла. «Биз Аллахка жана бизге түшүрүлгөнгө ишенебиз» - деп айткыла». (Бакара, 136).*@
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, кырк жашында вахий түшкөн. Меккеде он үч жыл болду, андан соң хижрат кылууга буюрулду. Мындан улам Мадинага хижрат кылды, ошондо ал жерде он жыл болду. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөдөн кайтты
عربي Алглисче Урдуча
Жөөттөр - алар каарга калган, христиандар болсо - адашкан
عربي Алглисче Урдуча
«Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, менде кулдарым бар, алар мага жалган айтышат, мага кыянат кылышат жана менин сөзүмдү угушпайт. Алардын алдында менин абалым кандай болот» - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Сага кыянат кылгандары үчүн, сага баш ийбегендиги жана сага калп айткандары үчүн сен аларга берген жазаңа татыктуу болушат. Эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнө жараша болсо, бул аларга жетиштүү болот. Сенин пайдаңа да жана зыяныңа да болбойт. А эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнөн азыраак болсо, анда сага артыкчылык болот. А эгерде жазаң алардын күнөөлөрүнөн көбүрөөк болсо, анда алар сенден өчтөрүн алышат. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасын коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт» - деген аятын окубадыңбы?» - деп айтты. Ал киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, Аллахка ант болсун! Мен өзүм үчүн да, алар үчүн да алардан бөлүнүүдөн артык эч нерсе таба албайм. Күбөлүк берем алардын баары азат» - деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, бир адам: «Оо, Аллахтын Элчиси, каапыр адам Кыямат күнү тирилгенде жүзү менен кантип тургузулат? - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Аны бул дүйнөдө эки буту менен бастырган Зат Кыяматта аны бети менен бастырууга Кудуреттүү эмеспи?!». Катада бул хадисти айтып ушул жеринде: «Раббимдин улуулугуна ант болсун! Албетте Ал Кудуреттүү» - деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп айтыңыз. Кыямат күнү мен сизге күбө болом» - деп айтканда, ал айтты: «Эгерде Курайш башчылары «бул өлүмдөн коркуп келимени айтты» дешип жемелөөлөрү болбогондо, анда мен сенин көзүңдү сүйүнтмөкмүн». Ошондо Аллах бул аятты түшүрдү: «Чындыгында, сен жакшы көргөн адамыңды туура жолго алып келе албайсың. Бирок Аллах каалаган пендесин туура жолго алып келет». (Касас, 56)*@
عربي Алглисче Урдуча
Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөөсү, 68-аят). Аллах таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).@*
عربي Алглисче Урдуча
"Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сабит бин Кайсты жоктоп, ал жөнүндө сураганда, бир киши: "Оо, Аллахтын Элчиси! Мен сизге анын кабарын билип беремин" - деди. Ошентип ал Сабит бин Кайс үйүндө башын ылдый кылып капаланып олтурганын көрүп: "Абалың кандай?" - деп сурады. Сабит ага: "Жаман нерсе болду" - деп айтты. Анткени Сабит үнүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, үнүнөн өйдө көтөрүп сүйлөп койгон эле. Ошондуктан ал өзүн тозок ээлеринен дейт эле. Ошондо ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайтып келип, Сабит бин Кайстын абалын айтып берди. Анан ал киши Сабит бин Кайска кийинки жолу чоң кабар менен кайтып барды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ал кишиге: "Ага барып айткын: Сен тозок ээлеринен эмессиң, тескерисинче, бейиш ээлериненсин» - деди".@
عربي Алглисче Урдуча
Бул аят: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" - деп түшкөндө Зубайр: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылык жөнүндө суралабыз? Тагыраагы алар эки кара курма жана суубу?" - деп айтат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Келечекте боло турган нерседен" - деп айтты". @*
عربي Алглисче Урдуча
Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула
عربي Алглисче Урдуча
Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди. @
عربي Алглисче Урдуча
Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот
عربي Алглисче Урдуча
Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".@*
عربي Алглисче Урдуча
“Кимде-ким Аллах Тааланы Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ыймандын даамын татат
عربي Алглисче Индонезияча
“Төмөнкү төрт түрдүү жорук кимде болсо, ал анык эки жүздүү болот. Ал эми кимде бул жоруктардын бири болсо, андан арылмайынча экүү жүздүүлүктүн бир белгиси бар болот. Алар: аманат берилсе, ага кыянаттык кылат; Сүйлөсө жалган сүйлөйт; Убада берсе, сөзүндө турбайт жана талашып-тартышса, аша чаап кетет”
عربي Алглисче Урдуча
Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес
عربي Алглисче Урдуча