+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ، لَيُوشِكَنَّ أَنْ يَنْزِلَ فِيكُمْ ابْنُ مَرْيَمَ حَكَمًا مُقْسِطًا، فَيَكْسِرَ الصَّلِيبَ، وَيَقْتُلَ الخِنْزِيرَ، وَيَضَعَ الجِزْيَةَ، وَيَفِيضَ المَالُ حَتَّى لاَ يَقْبَلَهُ أَحَدٌ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Марямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Марямдын уулу Иса пайгамбар адамдарга адилеттүү жана Мухаммаддын шарияты менен өкүм кылуу үчүн жерге түшөрүнө аз калганын Аллахтын аты менен ант ичип айткан. Ал христиандар ыйык санаган крестти сындырат. Иса пайгамбар чочкону өлтүрөт. Ал салыкты жок кылат, адамдардын баарын Ислам динине кирүүгө түртөт. Байлык көбөйүп, аны эч ким кабыл кылбай калат; бул байлыктын көптүгүнөн, ар ким өз колундагыдан башкага муктаж болбогондуктан, береке жааганынан жана катар-катар жакшылыктар болгондуктан улам.

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Иса пайгамбардын түшүүсүн бекемдөө, бул кыяматтын белгилеринен бири.
  2. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шариятын башка шарият жокко чыгарбайт.
  3. Акыр заманда мал-мүлккө береке түшөрү, адамдар ага кызыкпай топуктуу болуп калары анык.
  4. Ислам дини түбөлүк калары тууралуу сүйүнчү айтылган, ал тургай Иса пайгамбар да акыр заманда Ислам менен өкүм кылат.
Дагы...