Категория: Акыйда (ишеним) .
+ -

عن أبي ذر رضي الله عنه:
عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِيمَا رَوَى عَنِ اللهِ تَبَارَكَ وَتَعَالَى أَنَّهُ قَالَ: «يَا عِبَادِي إِنِّي حَرَّمْتُ الظُّلْمَ عَلَى نَفْسِي، وَجَعَلْتُهُ بَيْنَكُمْ مُحَرَّمًا، فَلَا تَظَالَمُوا، يَا عِبَادِي كُلُّكُمْ ضَالٌّ إِلَّا مَنْ هَدَيْتُهُ، فَاسْتَهْدُونِي أَهْدِكُمْ، يَا عِبَادِي كُلُّكُمْ جَائِعٌ إِلَّا مَنْ أَطْعَمْتُهُ، فَاسْتَطْعِمُونِي أُطْعِمْكُمْ، يَا عِبَادِي كُلُّكُمْ عَارٍ إِلَّا مَنْ كَسَوْتُهُ، فَاسْتَكْسُونِي أَكْسُكُمْ، يَا عِبَادِي إِنَّكُمْ تُخْطِئُونَ بِاللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَأَنَا أَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعًا فَاسْتَغْفِرُونِي أَغْفِرْ لَكُمْ، يَا عِبَادِي إِنَّكُمْ لَنْ تَبْلُغُوا ضَرِّي فَتَضُرُّونِي، وَلَنْ تَبْلُغُوا نَفْعِي فَتَنْفَعُونِي، يَا عِبَادِي لَوْ أَنَّ أَوَّلَكُمْ وَآخِرَكُمْ وَإِنْسَكُمْ وَجِنَّكُمْ كَانُوا عَلَى أَتْقَى قَلْبِ رَجُلٍ وَاحِدٍ مِنْكُمْ مَا زَادَ ذَلِكَ فِي مُلْكِي شَيْئًا، يَا عِبَادِي لَوْ أَنَّ أَوَّلَكُمْ وَآخِرَكُمْ وَإِنْسَكُمْ وَجِنَّكُمْ كَانُوا عَلَى أَفْجَرِ قَلْبِ رَجُلٍ وَاحِدٍ مَا نَقَصَ ذَلِكَ مِنْ مُلْكِي شَيْئًا، يَا عِبَادِي لَوْ أَنَّ أَوَّلَكُمْ وَآخِرَكُمْ وَإِنْسَكُمْ وَجِنَّكُمْ قَامُوا فِي صَعِيدٍ وَاحِدٍ فَسَأَلُونِي فَأَعْطَيْتُ كُلَّ إِنْسَانٍ مَسْأَلَتَهُ مَا نَقَصَ ذَلِكَ مِمَّا عِنْدِي إِلَّا كَمَا يَنْقُصُ الْمِخْيَطُ إِذَا أُدْخِلَ الْبَحْرَ، يَا عِبَادِي إِنَّمَا هِيَ أَعْمَالُكُمْ أُحْصِيهَا لَكُمْ ثُمَّ أُوَفِّيكُمْ إِيَّاهَا، فَمَنْ وَجَدَ خَيْرًا فَلْيَحْمَدِ اللهَ، وَمَنْ وَجَدَ غَيْرَ ذَلِكَ فَلَا يَلُومَنَّ إِلَّا نَفْسَهُ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2577]
المزيــد ...

Абу Зар, радыяллаху анху, риваят кылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты:
«Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондуктан силер, эч качан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! Эй, пенделерим! Чындыгында силердин баарыңар адашуудасыңар, бир гана Мен туура жолго салып койгон адамдар гана туура жолдо. Мына ошондуктан силер Менден туура жол сурагыла! Ошондо Мен силерди туура жолго саламын. Эй, пенделерим! Чындыгында, бардыгыңар ачкасыңар, Мен ырыскы берген адамдар гана ток болушат. Ошондуктан менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы беремин. Эй, пенделерим! Акыйкатта силердин араңардан, Мен кийинтип койгон адамдардан башка баарыңар жылаңачсыңар. Ошондуктан силер – Менден гана кийиндирүүнү сурангыла, Мен силерди кийимдүү кылам. Эй, пенделерим! Силер эртеден кечке күнөө кыласыңар. Ал эми Мен күнөөлөрдүн бүт баарын кечиремин. Ошондуктан силер – Менден кечирим сурагыла! Мен силерди кечиремин. Эй, пенделерим! Мага зыян бергенге аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага зыян бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Силер Мага пайда бергенге да аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага пайда бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү силердин араңардан эң такыбалуу бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде такыбаа болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени көбөйтпөйт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү, силердин араңардан эң жаман бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде жаман болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени азайтпайт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп туруп, Менден муктаждыктарын сураса, Мен алардын ар бирине сураган нерселерин берсем да бул нерселер – ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусун ийне азайткан сыяктуу менин мүлкүмдөн ошончолук деңгээлде гана кемите алат. Эй, пенделерим! Чындыгында, алар силердин кылган иш-аракеттериңер. Ал иш-аракеттериңерди эсеп-кысап кылам. Анан ошого жараша силерге сооп же жаза берем. Кимде-ким өзүн жакшы абалда тапса, анда ал Аллахка мактоо айтсын. Ал эми кимде-ким өзүн жакшы абалда таппаса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2577]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Таала зулумду Өзүнө арам кылганын жана зулумду Өзүнүн макулуктарынын арасында арам кылганын баяндап жатат. Ошондуктан эч ким башкага зулумдук кылбашы керек. Аллах туура жолго салып ага ийгилик берген адамдардан башкасынын баары акыйкат жолунан адашкандар. Ким Аллахтын туура жолго салуусун сураса, анда Аллах аны туура жолго салып ага ийгилик берет. Адамдар Аллахтын алдында кедей. Алар бардык муктаждыктарын орундатууда Аллахка гана муктаж. Ким Аллахтан сураса, анда Аллах анын муктаждыктарын орундатат жана ага жетиштүү болот. Алар күнү-түнү күнөө кылышат. Ал эми Аллах Таала пендеси кечирим сураганда, алардын күнөөлөрүн жаап, кечирип коёт. Адамдар Аллахка зыян да же бир нерсе менен пайда да бере алышпайт. А эгерде алар бир адамдын жүрөгүндөй такыба болушса да алардын такыбалыгы Аллахтын мүлкүн көбөйтө албайт. А эгерде алар бир адамдын жүрөгүндөй болуп бузуку болушса да, анда алардын жамандыгы Анын мүлкүнөн эч нерсе азайта албайт. Анткени алар Аллахтын алдында алсыз жана жакыр. Алар ар кандай абалда, убакта жана жерде Ага муктаж. Аллах муктаж эмес, Аруу Зат. Эгерде алардын алгачкыларынан баштап акыркыларына чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп Аллахтан муктаждыктарын сураса, Аллах алардын ар бирине сураган нерселерин берсе да бул нерселер ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусунан эч нерсе азайбагандай Аллахтын алдындагы нерселерден эч нерсе азайбайт.
Аллах Таала Өзүнүн пенделеринин амалдарын эсептеп, сактап коёт да андан кийин аларды Кыямат күнү ээлерине кайтарат. Ошондуктан кимде-ким кылган жакшылыгынын сообун тапса, анда Аллах анын моюн сунуусуна ийгилик бергендиги үчүн Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү айтсын. Ал эми кимде-ким андан башка кылган ишинин жазасын тапса, анда өзүнүн жамандык менен зыянга баштаган нафсисин күнөөлөсүн.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача Азерче Өзбекче Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадис Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Раббиси тарабынан риваят кылган хадистерден. Ал кудсий хадис же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан болот. Бирок кудсий хадис Курандын өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Куран Аны окуу менен ибадат болуусу, Аны даарат менен кармоо, душмандардын чакырыгын алсыз калтырган мужизасы жана кереметтүүлүгү ж.б.у.с нерселер менен айырмаланып турат.
  2. Пенделердин илим алуусу же туура жолго түшүүсү Аллах аларды туура жолго салуусу жана үйрөтүүсү менен болот.
  3. Пенденин башына келген жакшылык Аллах Тааланын пазилетинен. Ал эми ага жеткен жамандык өзүнөн жана өз напсисинин каалоосунан.
  4. Кимде-ким жакшылык кылса, анда Аллахтын ага ийгилик берүүсү менен болот жана аны сыйлоо Аллахтын пазилети менен болот. Ошондуктан Аллахка мактоолор болсун. Кимде-ким жамандык кылса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн.
Дагы...