+ -

عن ابن عباس رضي الله عنهما
عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِيمَا يَرْوِي عَنْ رَبِّهِ عَزَّ وَجَلَّ قَالَ: قَالَ: «إِنَّ اللهَ كَتَبَ الْحَسَنَاتِ وَالسَّيِّئَاتِ، ثُمَّ بَيَّنَ ذَلِكَ، فَمَنْ هَمَّ بِحَسَنَةٍ فَلَمْ يَعْمَلْهَا كَتَبَهَا اللهُ لَهُ عِنْدَهُ حَسَنَةً كَامِلَةً، فَإِنْ هُوَ هَمَّ بِهَا فَعَمِلَهَا كَتَبَهَا اللهُ لَهُ عِنْدَهُ عَشْرَ حَسَنَاتٍ إِلَى سَبْعِمِائَةِ ضِعْفٍ، إِلَى أَضْعَافٍ كَثِيرَةٍ، وَمَنْ هَمَّ بِسَيِّئَةٍ فَلَمْ يَعْمَلْهَا كَتَبَهَا اللهُ لَهُ عِنْدَهُ حَسَنَةً كَامِلَةً، فَإِنْ هُوَ هَمَّ بِهَا فَعَمِلَهَا كَتَبَهَا اللهُ لَهُ سَيِّئَةً وَاحِدَةً».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Ибн Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылат.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Улуу Раббисинен риваят кылган хадисте мындай деп айтты: «Чындыгында, Аллах жакшылыктарды да, жамандыктарды да жазып анан аны ачык баяндады. Кимде-ким бир жакшылык кылууну каалап, аны аткара албай калса, анда Аллах Өзүндө ага толук жакшылык жазат. А эгерде ал ниет кылып аны аткарса, анда Аллах Өзүндө ага он эседен жети жүз эсеге чейин, бир канча эселетип жазат. Кимде-ким бир жамандык кылууну ниет кылып, аны кыла албай калса, анда Аллах ага толук жакшылык жазат. А эгерде ниет кылып аны аткарган болсо, анда Аллах Өзүндө ага бир жамандыкты гана жазат».

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын жакшылыктар менен жамандыктарды тагдыр кылып, анан аларды эки периштеге кантип жазууну көрсөткөнүн баяндады.
Демек, кимде-ким бир жакшылык кылууну кааласа, ниет кылса жана аны аткарууга чечкиндүү киришсе, анда аны аткара албай калса деле ага бир жакшылык жазылат. А эгерде аны аткарса, анда он эседен жети жүз эсеге чейин бир канча эсе көбөйтүлүп жазылат. Бир канча эсе көбөйүү бул жүрөктөгү ыкластуулукка, пайданын келишишне ж.б.у.с. нерселерге жараша болот.
Ал эми кимде-ким бир жамандык кылууну каалап, ниет кылып, чечкиндүү киришип анан аны Аллах үчүн таштаса, анда ага бир жакшылык жазылат. Эгерде анын себептерин кылбай, алек болуп таштап койсо, анда ага эч нерсе жазылбайт. А эгерде ал колунан келбей аны таштаса, анда анын ниети жазылат. А эгерде аны аткарса, анда ага бир жамандык эле жазылат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтын бул үммөткө жакшылыктарды көбөйтүп, Аны Өзүнүн алдында жазып, жамандыктарды көбөйтпөөдөгү улуу пезилетин баяндоо.
  2. Иш-аракеттерди аткаруудагы ниеттин маанилүүлүгү жана анын таасири.
  3. Аллах Тааланын пазилети, боорукердиги жана жакшылыгы бул кимде-ким бир жакшылык кылууга ниет кылып, аны аткара албай калса, анда Аллахтын ага жакшылык жазуусу.