عن شداد بن أوس رضي الله عنه قال: ثِنْتَانِ حَفِظْتُهُمَا عَنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِنَّ اللهَ كَتَبَ الْإِحْسَانَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ، فَإِذَا قَتَلْتُمْ فَأَحْسِنُوا الْقِتْلَةَ، وَإِذَا ذَبَحْتُمْ فَأَحْسِنُوا الذَّبْحَ، وَلْيُحِدَّ أَحَدُكُمْ شَفْرَتَهُ، فَلْيُرِحْ ذَبِيحَتَهُ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 1955]
المزيــد ...
Шаддад бин Авс (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: «Мен Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки нерсени жаттап алдым». Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар бычагын курчутсун, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 1955]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала бизге бардык нерседе жакшылык кылууга буйруганын кабарлады. Жакшылык кылуу - бул ар дайым Аллахтын көзөмөлдөп туруусу, Ага ибадат кылуу, жакшылык кылуу жана макулуктарга зыян келтирүүдөн сактануу. Ошондой эле өлтүрүүдө да жана союуда да жакшылык кылуу.
Касас өкүмүн тургузуп жаткан учурда да өлтүрүүдө жакшылык кылуу - бул өлүм жазасына тартылып жаткан адамды өлтүрүү үчүн эң оңой, эң жеңил жана тез жолду тандоо.
Мал жандыкты союуда жакшылык кылуу – бул бычакты курчутуу менен малга жумшак мамиле кылуу. Малды каратып туруп анын алдында бычакты курчутпоо. Башка мал жандыктардын көз алдында мууздабоо.