+ -

عن أبي ذر رضي الله عنه قال: قال لي النبي صلى الله عليه وسلم:
«لَا تَحْقِرَنَّ مِنَ الْمَعْرُوفِ شَيْئًا، وَلَوْ أَنْ تَلْقَى أَخَاكَ بِوَجْهٍ طَلْقٍ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Зар, ​​радыяллаху анху, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мага айтты:
«Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жакшылык кылууга жана ал жакшылык аз болсо да кем санабай аткарууга үндөдү. Мисалы: Жолугушканда жылмаюу менен жүз көрүшүү. Демек, мусулман бир тууганы менен ынак болушу үчүн жана аны кубандыруу үчүн аз болсо да жакшылык кылууга кызыктырыш керек.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ыймандуулардын арасындагы сүйүүнүн пазилети чоң. Жолугушууда жылмаюу жана кубаныч тартуулоо керек.
  2. Бул шарият толук жана ар тараптуу. Шариятта мусулмандардын оңолуусу жана алардын сөзүн бириктирүү тууралуу бардык нерселер келген.
  3. Аз болсо да жакшылык кылууга үндөө керек.
  4. Мусулмандарга кубаныч тартуулоо сооптуу. Анткени бул алардын ортосундагы үлпөттүүлүктү күчөтөт.
Дагы...