عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«لَيْسَ الشَّدِيدُ بِالصُّرَعَةِ، إِنَّمَا الشَّدِيدُ الَّذِي يَمْلِكُ نَفْسَهُ عِنْدَ الْغَضَبِ».
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6114]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6114]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чыныгы күч дененин күчү эмес же башка билеги күчтүүнү жеңген адам күчтүү эмес. Тескерисинче, ачууланганда өзүн кармап напсиге каршы күрөшүп, ачуусун баскан күчтүү экенин баяндап жатат. Анткени, анда өзүн башкара ала турган күч жана шайтанга үстөмдүк кыла ала турган күч бар экендигин көрсөтүп турат.