عن خَولة الأنصاريةِ رضي الله عنها قالت: سمعت النبي صلى الله عليه وسلم يقول:
«إِنَّ رِجَالًا يَتَخَوَّضُونَ فِي مَالِ اللهِ بِغَيْرِ حَقٍّ، فَلَهُمُ النَّارُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ».
[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 3118]
المزيــد ...
Хавла аль-Ансарийа (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
«Аллахтын мүлкүн адилетсиздик менен иштеткен эркектер, алар Кыямат күнү тозокто болушат».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 3118]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын мал-мүлкүн алдамчылык менен иштетип, аны адилетсиз алып жаткан адамдар жөнүндө айтып жатат. Мунун мааниси мал-мүлктү адал эмес жолдор менен табуу, аларды жыйноо жана туура эмес жерлерге сарптоо жагынан жалпыга тиешелүү. Буга жетимдердин жана вакф фонддорунун акчасын жеп, аманаттарды четке кагуу, коомдук фонддон негизсиз каражаттарды алуу кирет.
Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын жазасы Кыямат күнү тозок болорун айтты.