عن عائشة رضي الله عنها قالت: سمعتُ من رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول في بيتي هذا:
«اللَّهُمَّ مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئًا فَشَقَّ عَلَيْهِمْ فَاشْقُقْ عَلَيْهِ، وَمَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئًا فَرَفَقَ بِهِمْ فَارْفُقْ بِهِ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 1828]
المزيــد ...

Аиша (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылган хадисте мындай деп айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин үйүмдө минтип айтканын уктум:
«Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 1828]

Түшүндүрмө

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын иштерин башкарган адам жаш болсун же улгайган болсун, алардын баарына дуба кылды. Жана бул башкаруу жалпы башкаруу болсун же жеке башкаруу болсун, ал башчы аларга жылуу мамиле кылбай машакат туудурган болсо, анда Аллах таала аны кылган ишине жараша машакатка салып коёт.
Кимде-ким аларга жылуу мамиле кылса жана алардын иштерин жеңилдетсе, анда Аллах ага боорукерлик кылат жана анын иштерин жеңилдетет.

Хадистин пайдалары

  1. Кимде-ким мусулмандардын кайсы бир иштеринде башчылык кылса, анда колунан келишинче аларга жылуу мамиле кылышы келек.
  2. Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот.
  3. Жылуу мамиле же катаал мамиле деп эсептелген мамилелердин чен-өлчөмү Куранга жана сүннөткө каршы келбеши керек.
Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية الأكانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية الخميرية البامبارية البنجابية الماراثية الياو
Котормолорду көрсөтүү
Дагы...