+ -

عن عُبَادَةَ بن الصَّامتِ رضي الله عنه قال:
بَايَعْنَا رسولَ اللهِ صلى الله عليه وسلم على السَّمْعِ وَالطَّاعَةِ فِي الْعُسْرِ وَالْيُسْرِ، وَالْمَنْشَطِ وَالْمَكْرَهِ، وعلى أَثَرَةٍ علينا، وعلى أَلَّا نُنَازِعَ الْأَمْرَ أهلَه، وعلى أَنْ نَقُولَ بِالْحَقِّ أينما كُنَّا، لا نَخَافُ في الله لَوْمَةَ لَائِمٍ.

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Убада бин Ас-Самит, радыяллаху анху, айтты:
"Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, биз кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турганыбызда да, жактырбай турганыбызда да (башчыны) угуп, моюн сунууга, бизге каршы терс таасир этсе да жана бир иште алар менен талашып-тартышпашыбызга жана кайда болсок дагы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтууга байъат (2) бердик".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жеңил жана оор шарттарда, байыган кезде жана жакырчылыкта башчыларга жана өкүмдарларга моюн сунуу үчүн сахабалардан келишимдерин жана убадаларын алды. Ал башчылардын буйруктары напси жактырган нерседе болобу же жек көргөн нерседе болобу, мейли алар элдин акчасы менен, мансап же андан башка нерселер менен элди башкарып, көзөмөлдөп турса дагы, аларды угуу, аларга баш ийүү важиб. Адамдар аларга каршы көтөрүлүшкө чыгышпасын. Анткени алар менен күрөшүүдөгү фитна жана бузукулук алардын зулуму себептүү болгон бузукулуктан да чоң жана зыяндуу. Алар айыптоочулардан коркпой, Аллахка чын ыкластуу болуп, каалаган жерде чындыкты айтууга убада кылышкан.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Башчыларды угуунун жана моюн сунуунун пайдасы – мусулмандарды бириктирүү жана бөлүнүүнү таштоо.
  2. Кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турган абалда да, жактырбай турган абалда да, терс таасир этип каршы өкүм кылса да башкаруучуну угуу жана ага баш ийүү важиб.
  3. Кайсыл жерде болсок дагы Аллах үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтуубуз важиб.
Дагы...