عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه قال:
«مَنْ خَرَجَ مِنَ الطَّاعَةِ، وَفَارَقَ الْجَمَاعَةَ فَمَاتَ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً، وَمَنْ قَاتَلَ تَحْتَ رَايَةٍ عِمِّيَّةٍ، يَغْضَبُ لِعَصَبَةٍ، أَوْ يَدْعُو إِلَى عَصَبَةٍ، أَوْ يَنْصُرُ عَصَبَةً، فَقُتِلَ، فَقِتْلَةٌ جَاهِلِيَّةٌ، وَمَنْ خَرَجَ عَلَى أُمَّتِي، يَضْرِبُ بَرَّهَا وَفَاجِرَهَا، وَلَا يَتَحَاشَى مِنْ مُؤْمِنِهَا، وَلَا يَفِي لِذِي عَهْدٍ عَهْدَهُ، فَلَيْسَ مِنِّي وَلَسْتُ مِنْهُ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 1848]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Кимде-ким (башчыларга) баш ийүүсүнөн тайып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилияттын өлүмү менен өлөт. Ким сокур желектин астында согушса, уруусу же улуту үчүн өзгөчө катуу берилип ачууланса, же улутчулдукка чакырса, же аларга жардам берип жүрүп өлсө, анда жахилият өлүмү менен өлөт. Ким менин үммөтүмө каршы чыкса, салихине да, бузукусуна да сокку урса жана ыймандууларды (өлтүрүү азабынан) коркпосо жана берилген убаданы аткарбаса, анда ал менден эмес жана мен андан эмесмин".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 1848]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисте мындайча баяндады: "Кимде-ким башчыларга баш ийүүсүнөн тайып, имамга байъат кылууну макулдашкан Ислам жамаатынан бөлүнүп кетсе жана баш ийбесе, ошол бөлүнүп жүргөн абалында өлсө, анда ал жахилият (5) элинин өлүмүндөй өлөт. Алар мусулмандардын башчысына баш ийбей, жамаатка кошулбагандар. Тактап айтканда алар бири-бири менен согушкан топтор".
Жана Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чындыктын жүзү ачык көрүнбөгөн туунун астында согушкан, дин жана чындык үчүн эмес, өз элине же уруусуна өзгөчө катуу берилгендерге ачууланарын кабар берди. Алар көрөгөчтүгү жана илими жок, өз элине же уруусуна өзгөчө катуу берилип согушат. Эгер алар ошол абалда өлтүрүлсө, жахилият элинин өлүмүндөй өлөт.
Кимде-ким Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө каршы чыкса, анын салих жана бузуку элине сокку урса, кылган иштерине маани бербесе жана ыймандууларды өлтүрүү азабынан коркпосо жана каапырлар же башчылар менен болгон келишимин аткарбаса, тескерисинче ал келишимди бузса, анда анын бул кылганы чоң күнөөлөрдүн бири болуп саналат. Ким аны кылса, анда ал катуу азапка татыктуу болот.