عن مَعقِلِ بن يَسار المُزَنِيّ رضي الله عنه قال: إني سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«مَا مِنْ عَبْدٍ يَسْتَرْعِيهِ اللهُ رَعِيَّةً، يَمُوتُ يَوْمَ يَمُوتُ وَهُوَ غَاشٌّ لِرَعِيَّتِهِ، إِلَّا حَرَّمَ اللهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 142]
المزيــد ...

Маъкил бин Ясар Аль-Музани (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин уктум:
«Аллах жоопкер кылып койгон пенде, ал өлөөр күнүнө чейин карамагындагыларды алдап жүрүп өлсө, Аллах аны бейишке кирүүсүн арам кылат».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 142]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ар бир адамды башкаруучу жана адамдарга жооптуу кылып койгонун кабарлап жатат. Амир сыяктуу жалпы башкаруучу болобу, же өз үйүндөгү эркек жана өз үйүндөгү аял сыяктуу жеке башкаруучу болобу, айтор, ал өз кол алдындагы адамдын акысында кемчилик кетирип, аны алдап, ага насаат айтпай, анын диний жана дүйнөлүк акыларын текке кетирсе, анда ал бул катуу жазага татыктуу болот.

Хадистин пайдалары

  1. Бул азап имамга жана анын орун басарларына гана тиешелүү эмес. Тескерисинче, Аллах Таала жоопкер кылып койгон бардык адамдарга жалпы тиешелүү.
  2. Мусулмандардын иштерине жооптуу болгон ар бир башчы адамдарга насаат айтуу, аманатты кайтарууга аракет кылуу, кыянат кылуудан сактануу парз.
  3. Башкаруу чоң болобу же кичи болобу, жалпы болобу же жекече болобу, ар бир башчынын жоопкерчилиги чоң.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)