+ -

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بنِ مَسْعُودٍ رضي الله عنه أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«سِبَابُ المُسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 48]
المزيــد ...

Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Мусулманды сөгүү - пасыктык, өлтүрүү - каапырдык".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 48]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир мусулманды экинчи мусулман бир боорун сөгүүдөн тыйган. Бул Аллахка жана Анын элчисине итаат кылуудан чыгарган пасык иш. Ал эми бир мусулмандын экинчи мусулманды өлтүрүүсү каапырдык иштерден. Бирок бул кичине каапырлык болуп эсептелет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мусулмандын канын жана намысын сактоо важыб.
  2. Мусулманды себепсиз сөккөн адамдын кесепети оор болот: адилетсиз акаарат кылган адам бузуку болот.
  3. Мусулманды сөгүү же өлтүрүү ыйманды алсыратып, кемчиликтүү кылат.
  4. Кээ бир иштер адамды динден чыгара турган чыныгы чоң каапырлыктын даражасына жетпесе да каапырдык деп аталат.
  5. Бул жерде айтылган каапырлык жалпы ахлу сунна аалымдарынын пикиринде адамды динден чыгарбай турган кичине каапырлык. Анткени, Аллах Таала мусулмандардын бири-бири менен талашып, согушуп турган учурун да ыймандуулар деп сүрөттөгөн. Алла Таала минтип айткан:"Эгерде момундардан эки тайпасы өз ара согушуп калса, экөөнүн арасын оңдогула..." кийинки аятка чейин: "Чынында, (бардык) момундар – бир туугандар".
Дагы...