+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَ:
«إِيَّاكُمْ وَالظَّنَّ؛ فَإِنَّ الظَّنَّ أَكْذَبُ الْحَدِيثِ، وَلَا تَحَسَّسُوا، وَلَا تَجَسَّسُوا، وَلَا تَحَاسَدُوا، وَلَا تَدَابَرُوا، وَلَا تَبَاغَضُوا، وَكُونُوا عِبَادَ اللهِ إِخْوَانًا».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтты, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Күмөн саноодон сактангыла! Анткени, күмөн саноо сөздөрдүн жалганы . Адамдардын айыбын издебегиле, тыңчылык кылбагыла, бири-бириңерге көралбастык кылбагыла, кол үзүп кетпегиле, жек көрүп калбагыла! Эй, Аллахтын пенделери, бир тууган болгула!"

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын арасын бөлүп жара турган жана ортодо душмандыкты пайда кыла турган кээ бир жаман адаттардан тыйып, эскерткен. Мындай адаттардын кээ бири төмөнкүлөр:
(Жаман күмөн саноо) бул эч кандай далили жок эле жүрөктө пайда болгон доомат, шек-күмөн, муну сөздөрдүн эң жалганы деп баяндаган.
(Тахассус, аңдуу): көзү менен да, кулагы менен да адамдардын айыбын аңдып, изденүү.
(Тажассус, баканооздук кылуу): жашыруун иштерди билүү үчүн атайын тыңчылык кылуу, көбүнчө жаман иштерге тыңчылык кылууга айтылат.
(Хасад, көралбастык) башкаларга кандайдыр бир жакшылыктын болуусун жаман көрүү, ичи тардык кылуу.
(Тадаабур, жүз үйрүп кетүү) биринен бири жүз буруп кетүү, саламдашпай калуу, мусулман бир тууганынан кабар албай коюу.
(Табаагуз, жек көрүү) жаман көрүү, жактырбоо, кабагын чытуу, жакшы кабыл кылбоо.
Анан акырында мусулмандардын абалын оңдой турган көп жактуу сөздү айтты: (Аллахтын пенделери, бир тууган болуп жашагыла). Бир туугандык - аны менен адамдардын алакасы бекемделе турган, алардын араларында махабат, мээрди пайда кыла турган байланыш.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Кайсы бир жамандыктын белгиси ачык билинип турган адамга жаман күнөө кылуунун зыяны жок. Ыймандуу пенде баамчыл, көрөгөч болуусу керек, бузуку, жаман адамдарга алданбоосу кажет.
  2. Тыюу салынып жаткан күмөн (доомат) бул дайыма жүрөктө турган жана дайыма боло бере турган күмөн. Ал эми напсиге бир келип, кайра кете берген күмөнгө адам жооп бербейт.
  3. Тыңчылык, көралбастык, ж.б. сыяктуу мусулман коомчулугундагы адамдардын ортосуна бөлүнүүгө, карым-катышты токтотууга себеп боло турган иштер арам, тыюу салынган.
  4. Мусулмандар мамилесинде (бири-бирине) насаат айтып, боордоштук кылып, бир туугандык мамиледе болуусун осуят кылган.
Дагы...