عن أبي أيوب الأنصاري رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«لَا يَحِلُّ لِرَجُلٍ أَنْ يَهْجُرَ أَخَاهُ فَوْقَ ثَلَاثِ لَيَالٍ، يَلْتَقِيَانِ، فَيُعْرِضُ هَذَا وَيُعْرِضُ هَذَا، وَخَيْرُهُمَا الَّذِي يَبْدَأُ بِالسَّلَامِ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...
Абу Айюб Аль-Ансари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот».
Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулман бир тууганын үч күндөн ашык таштап, бири-бири менен жолукканда саламдашпай жана сүйлөшпөй коюуларына тыюу салган.
Бул эки урушкан адамдардын эң жакшысы – жүз буруп таштап коюуну таштоого аракет кылганы жана саламды биринчи баштаганы. Бул жерде таштоо дегени – напси үчүн таштоо. Ал эми Аллах Тааланын акысы үчүн таштоо – бул Аллахка баш ийбегендерди, бидъатчыларды жана жаман досторду таштоо. Бул таштоо убактылуу эмес. Тескерисинче, таштоонун пайдасына байланган. Эгерде аларга таштоо пайда берсе, анда тоштоону четке кагып мамиле кыла берет.