Хадистердин тизмеси

Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Силерден ким болбосун мусулман боордошуна жолукканда ага салам айтсын. Эгер ал экөө даракты, дубалды же чоңураак ташты эки жагынан айланып өтүп, кайра бирксе, дагы салам айтышсын
عربي الإنجليزية الأوردية
Улоодо бара жаткан адам, жөө бара жаткан адамга, жөө бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат
عربي الإنجليزية الأوردية
Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла. Эгер жолдо алардын бирөөсүнө жолугуп калсаңар, аны жолдун кырына кысып өткүлө
عربي الإنجليزية الأوردية
Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية