+ -

عَن أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«يُسَلِّمُ الرَّاكِبُ عَلَى المَاشِي، وَالمَاشِي عَلَى القَاعِدِ، وَالقَلِيلُ عَلَى الكَثِيرِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Улоодо бара жаткан адам, жөө бара жаткан адамга, жөө бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат" .

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар арасында минтип салам берүүнүн адебин көрсөткөн: "Ассалааму алайкум ва рахматуллоохи ва баракатуху". Жашы кичине жаш улууга, улоодогу жөөгө, басып бараткан отурганга, саны аз саны көпкө салам айтат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Хадисте келгендей салам айтуу жакшы, а эгер жөө бараткан адам улоодогу адамга салам айтса, же жогоруда айтылгандардын кайсы бири тескерисинче болуп калса, эч нерсе эмес. Бирок жакшы жана абзел болгонго каршы келет.
  2. Хадисте айтылгандай тартипте салам айтып жайылтуу жакшы көрүүгө жана мээримдүүлүккө себеп болот.
  3. Эгер жогоруда айтылгандар салам берүүдө бирдей болуп калса, анда озунуп салам айтканы алардын жакшысы болуп эсептелет.
  4. Адам баласы эмнеге муктаж болсо, анын баарын баяндаган (Ислам) шарияты кемчиликсиз, толук.
  5. Ар бир адамга өз акысын берүүнү жана саламдашуунун адебин үйрөтөт.
Дагы...