عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«حَقُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ خَمْسٌ: رَدُّ السَّلَامِ، وَعِيَادَةُ الْمَرِيضِ، وَاتِّبَاعُ الْجَنَائِزِ، وَإِجَابَةُ الدَّعْوَةِ، وَتَشْمِيتُ الْعَاطِسِ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:
«Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу».
Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулмандын мусулман бир тууганына болгон кээ бир акыларын баяндап жатат. Бул акылардын биринчиси салам берген адамга алик алуу.
Экинчиси: Ооруса, зыярат кылып кабар алуу.
Үчүнчүсү: Дүйнөдөн өтсө, үйүнөн баштап жаназа окулчу жерге же мүрзөгө чейин узатып, көмүлгөнгө чейин туруу.
Төртүнчүсү: Тойго же ушул сыяктуу мааракеге чакырса баруу.
Бешинчиси: Эгерде чүчкүргөн адам «альхамдулиллах» деп айтса, ага «ярхамукаллах» деп айтуу. Андан соң чүчкүргөн адам «яхдиикумуллаху уа юслиху баалакум» деп айтат.