«خَيْرُ يَوْمٍ طَلَعَتْ عَلَيْهِ الشَّمْسُ يَوْمُ الْجُمُعَةِ*، فِيهِ خُلِقَ آدَمُ، وَفِيهِ أُدْخِلَ الْجَنَّةَ، وَفِيهِ أُخْرِجَ مِنْهَا، وَلَا تَقُومُ السَّاعَةُ إِلَّا فِي يَوْمِ الْجُمُعَةِ».
[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Жаркырап күн чыгып жаткан күндөрдүн эң жакшысы бул - жума күн. Бул күнү Адам ата жаратылган. Ушул күнү ал бейишке киргизилген. Ушул күнү бейиштен чыгарылган. Кыямат дагы дал ушул күнү болот".
Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күн чыгып башталган күндөрдүн эң жакшысы жума күнү экенин баяндады. Жума күнүнүн өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр: Аллах Таала Адам атаны жума күнү жараткан. Аны жума күнү бейишке киргизген. Кийин жума күнү кайра бейиштен чыгарган жана жер бетине түшүргөн. Кыямат жүма күнү башталат.