عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَ:
«دَعُونِي مَا تَرَكْتُكُمْ، إِنَّمَا هَلَكَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ بِسُؤَالِهِمْ وَاخْتِلَافِهِمْ عَلَى أَنْبِيَائِهِمْ، فَإِذَا نَهَيْتُكُمْ عَنْ شَيْءٍ فَاجْتَنِبُوهُ، وَإِذَا أَمَرْتُكُمْ بِأَمْرٍ فَأْتُوا مِنْهُ مَا اسْتَطَعْتُمْ».
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 7288]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Мен силерге айтпаган нерсени ошол бойдон калтыргыла! Анткени, силерден мурдагылар керексиз көп суроо бергени жана пайгамбарларына каяша кылганы үчүн кыйрап жок болгон . Ошондуктан, эгер мен силерди бир нерседен тыйсам, андан алыс болгула. Эгер кайсы бир ишке буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 7288]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шарият өкүмдөрү үч түрдүү болорун айтты: эч нерсе айтылбаган, тыюу салынган, буйрулган.
Биринчиси: Шариятта ага карата эч нерсе айтылган эмес, эч кандай өкүм жок. Негизи аткарылуусу милдет болбогон иштерге карата болот. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорунда суроонун себебинен Аллах Таала ал нерсени важиб же арам кылып коюу коркунучу болгондуктан, али боло элек нерсени сурабоо важиб болгон. Анткени, ал нерсени Аллах Таала пенделериине ырайым кылып айтпай калтырган болушу мүмкүн. Ал эми пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин фатва алуу же жөн эле билип алуу үчүн дин иштери тууралуу суроого тыюу жок, тескерисинче сурап алуу зарыл. А эгер көктүк кылып, өзүн жана суралган адамды кыйноо үчүн ар кандай суроолорду берсе, анда бул жогорудагы хадиске кирет. Мындай көп суроо берүү Исраил урпактарынын башына түшкөн сыяктуу мүшкүлгө салат. Аларга уй сойгула деген буйрук болгондо, каалаган уйду соё койсо болмок, бирок алар улам сурай берип өздөрүнө-өздөрү кыйынчылык жаратып алышты.
Экинчиси: тыюу салынган иштер: мындай иштерди кылбагандар соопко ээ болот, кылгандар күнөөкөр болот. Мындай иштердин баарынан алыс болуу важиб.
Үчүнчүсү: буйрулган иштер: мындай иштерди аткаргандар соопко ээ болот, аткарбагандар күнөөкөр болот. Мындай иштерди чамасынын жетишинче аткаруу важиб.