Фыкх жана анын усулдары

184Хадистердин тизмеси 9Кичи категориялар

Хадистердин тизмеси 184

Аллах Таала кээ бир амалдарды парз кылган, аларды аткарбай койбогула! Чектерди койгон, андан ашып кетпегиле! Кээ бир нерселерди арам кылган, аларга кирип кетпегиле! Кээ бир нерселерде унутуп эмес, силерге ырайым кылып унчуккан эмес. Аларды изилдебегиле!
Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген
Шек-күмөндүү ишти таштап, күмөнү жок ишти кыл
Чындыгында, Аллах бардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган
Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам
Тазалык – ыймандын жарымы. "Алхамдулиллах" деп айтуу амал таразасын толтурат. "Субхааналлах" жана "Алхамдулиллах" деп айтуу асман менен жердин
Өзгө да, өзгөгө да зыян берүүгө болбойт
Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичсе жетиштүү
Бардык мас кылуучулар - арам.
Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат
Тамак келгенде намаз болбойт жана эки нажас келип калган абалда туруп да намаз окулбайт
Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң
Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун түктөрүн жулуу
Мурутуңарды кыскарткыла жана сакалыңарды өстүргүлө
Усман ибну Аффандын (Аллах андан ыраазы болсун) кулу Хумрон айтат: “Усман ибну Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) даарат алганга суу алдырды да идиштеги суудан эки колуна куюп, колдорун үч жолу жууду. Андан кийин оң колу менен идиштен суу алып оозу менен мурдун чайкады. Андан соң бетин үч жолу жана колдорун чыканакка чейин үч жолу жууду. Андан кийин башына масх тартты да эки бутун үч жолудан жууду. Анан мындай деп айтты: “Мына мен ушундай даарат алганымдай Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат алып жатканын көрдүм”. Анан айтты: “Ким менин даарат алганымдай даарат алып, эч нерсени сүйлөбөй эки рекет намаз окуса, Аллах Таала анын өткөн күнөөлөрүн кечирет”.*@
Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады
Мунафыктар үчүн эң оор намаз – куптан жана багымдат намаздары. Эгер алар ал намаздарда эмне бар экенин билишкенде, анда жөрмөлөп болсо да келишмек
Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт
Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет
Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо
Өзүнө жараша мамиле кылуу тууганчылык байланышты бекемдөөгө жатпайт. Тууганчылык байланыш үзүлгөндө аны байланыштырган адам тууганчылык байланышты бекемдеген адам болот
Кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет
Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет
Мен силерге айтпаган нерсени ошол бойдон калтыргыла! Анткени, силерден мурдагылар керексиз көп суроо бергени жана пайгамбарларына каяша кылганы үчүн кыйрап жок болгон
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк
Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар бычагын курчутсун, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын
Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт
Жебирейил периште мага кошуна жөнүндө «мен кошуна да мурас алат экен» деп мен ойлоп калганга чейин насаат айтып жатты
Рукия, тумарлар жана тивала ширк
Өлгөндөрдү тилдебегиле. Анткени алар өздөрү аткарган иш-аракеттерине жетишти
Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот
Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат
Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар
Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял
Аллах Таала: "О, Адам баласы! Нафака бер, сага да нафака беремин" деген
(Нике окулуп) аялды адал кылган учурда коюлган шарттар - сөзсүз аткарыла турган шарттардан
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул сөздөрдү ар бир намаздан кийин айтчу" - деди
Аткарылган жакшы амалдары Аллахка сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн өткөн башка күн жок" т.а. Зулхижжанын баштапкы он күнү
Ким асыр намазын калтырса, анын амалы текке кетет" - деген
Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет
Эгер киши үй-бүлөсүн сооп үмүт кылуу менен каржыласа, анын каржысы садака болуп эсептелет
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көкүл коюудан тыйган
Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!
Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп
Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу
Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" деп айтчу
Туруп оку, эгер анте албасаң, анда отуруп оку. Эгер анте да албасаң, анда жатып оку" - деди
- деп сурады. "Ооба" - деди тиги киши. "Анда ага жооп бер" - деди
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге муктаждыктардын башында айтылчу кутпаны минтип үйрөткөн
Валий (4) болбосо нике болбойт
Кимде-ким муаахадты (6) өлтүргөн болсо, анда бейиштин жытын жыттабайт. Анын жыты кырк жылдык алыстан жыттанып турат
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каалаган өкүмгө жетүү максатында пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты
Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген
Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам
Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин
Суу жетпеген согончокторго азап болот, дааратты жеткиликтүү алгыла!" - деди
Эгерде азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - десе, силер да: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - десе, силер да: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алас-солаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алаль-фалаах, хаййя алаль-фалаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Лаа иляха иллааллах" - десе, силер да: "Лаа иляха иллааллах" - деп чын жүрөктөн айтсаңар, анда Аллах силерди бейишке киргизет”. (7)
Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку
Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат
Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир казатында кайтыш болгондордун арасынан аял кишинин өлүгү чыгат. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) согушта аялдарды жана жаш балдарды өлтүрүүнү катуу кайтарды
назр кылуудан тыйып: "Назр жакшылык алып келбейт, сараң адамдан гана чыгарылуусу талап кылынат" - деди
Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди
Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот
Ким Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жихад кылса, ошол Аллахтын жолунда болот" - деп жооп берди
Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла
Аларды тек кой, анткени мен аларды даарат алып анан кийгенмин
бул тамыр (жарылгандан чыккан кан). Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер
Саптарда тегиз тургула. Анткени, саптын тегиздиги - намаздын толуктугунан болуп эсептелет
Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын
Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Аллах Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндө турганда, оозун мисвак менен тазалайт эле
Ыймандуу эркек ыймандуу аялды таштабайт. Анын кайсы бир мүнөзүн жактырбаса, башка бир мүнөзүнө ыраазы болот
Даарат ушатууга барганыңарда кыбалага жүздөнүп отурбагыла, артыңарды да салбагыла. Чыгышка же батышка жүздөнүп отургула
Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын
Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды баштаганда эки колун эки ийининин тушуна чейин көтөрчү
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин алаканымды эки алаканын ортосуна кармап, ташахудду мага куду Курандын сүрөлөрүн үйрөткөндөй үйрөттү
Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам
Аллахумма баъид байни ва байна хотойайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб,
Эгерде бирөөңөрдүн идишине ит башын салса, ал идишти жети жолу жууп тазаласын
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу
Кимде-ким шейит болууну чын жүрөктөн суранса, Аллах Таала аны ал төшөгүндө жатып өлсө да аны шейиттердин даражасына көтөрөт
Жунуб адамдын кандай жуунуу керектиги тууралуу
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин толук жуунчу
Мен маази суусу көп аккан киши элем. Анын күйөө баласы болгонум үчүн пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (бул тууралуу) суроодон уялып жүрдүм. Анан Микдад бин ал-Асвадды сурап келүүгө жибердим. (Сураса), ал: "Аспабын жууп, анан даарат алат" - дептир
Аллахка кайсы иш-амал көбүрөөк жагат? - деп сурадым. "Өз убагында окулган намаз" - деди ал. Андан кийиничи? - дедим. "Андан кийин ата-энеге жакшы мамиле кылуу" - деди. Андан кийинчи? - деди. "Аллахтын жолунда жихадга чыгуу
Аллахка ант берип айтамын, Аллах сенин себебиң менен бир адам туура жолго салса, бул сага кызыл төөлөргө ээ болгонуңдан да жакшы" - деди
Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамга (ат-күлүгүн, курал-жарагын, азык-түлүгүн) даярдап берсе, казатка чыккандай сооп алат. Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жакшылык кылып каралашса, казатка чыккандай сооп алат
Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү
Сага колдоруңду мына ушинтсең жетиштүү болмок" - деп, алакандары менен жерди бир жолу чаап, анан оң жана сол колунун үстүнө, анан бетине сүртүп койду
Алла Таала менден мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүндө анын сүннөтүн карманып, буйругун аткарган өзгөчө жакын чөйрөсү жана жолдоштору болгон
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад анын элчиси экендигине күбөлүк берүүгө, намаз окууга, зекет берүүгө, (башчыны) угууга жана баш ийүүгө, бардык мусулмандарга насаат кылууга ант-убада бердим
сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди
Аллах Таала айтат: "Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн. Бир гана орозосу андай эмес. Анын орозосу Мен үчүн жана анын сооп-сыйын Мен Өзүм берем
“Силерден ким болбосун уйкуга жаткан учурда шайтан желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү түйүп жатып "Алдыда узун түн бар, уктай бер деп түйгөн жерине урат
Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт
Ким эртең мененки жана кеч курунку намазды окуса, бейишке кирет
Эмизүү да төрөт (туугандык) арам кылган нерсени арам кылат
Эң сүйүктүү досум (пайгамбар) (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага үч ишти осуят кылды: ар айда үч күндөн орозо кармоону; (күн сайын) эки рекеттен чашке намазын окууну; уктаардан мурда витр намазын окуп жатууну
Жаңырган айды көрүп орозо кармагыла. Жаңырган айды көрүп орозоңорду бүтүргүлө. Эгер күн бүркөк болуп калса, эсеп менен чыгаргыла
Шек-күмөн жаратып турган ишти таштап, шек-күмөнү жок ишти аткар. Чынчылдык - бейкуттукту, жалган айтуу болсо, шектенүүнү алып келет
Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот
Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичсе жетиштүү
Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун
Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы?
Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз?
Фатиханы окубаган адамдын намазы жок
Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса,
Силерден кимиңер жума намазына келсе, жуунуп келсин
Кимде-ким жакшылап толук даарат алып, жума намазына барса, анан (кутпаны) укса жана унчкупай жым отурса, өткөн жумадан бул жумага чейинки, ага кошумча дагы үч күндүн (майда) күнөөлөрү кечирилет
Кимде-ким эртең менен жана кечинде мечитке барса, анын ар бир барганы үчүн Аллах Таала ага бейиште сый даярдап койот
Эй, адамдар! Саламыңарды жайылткыла. Ачкаларды тоюндургула! Туугандар менен катташкыла! Түндө башкалар уктап жатканда силер намаз окугула! Ошондо эч жамандыкка учурабай бейишке киресиңер!
Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер
Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот
Бөтөн аялдардын жанына киргенден сак болгула". Ансарлардан бир киши: Оо, Аллахтын элчиси, кайын журттан болсочу (аялдын кайниси, кайнагасы)" деп сурады. Ал: "Кайын журттан болсо - бул, өлүмгө тете" - деди
Күмүштү алтынга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Буудайды буудайга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Арпаны арпага алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Курманы курмага алмаштыруу сүткордук болот. Бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес
Колуңду ооруган жериңе коюп үч жолу: "Бисмиллах" деп айткын. Анан жети жолу: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам!
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын арасынан өтө жоомарты эле. Рамазан айында Жебреил периштеге
Күн чыгардан мурда жана Күн батардан мурда намаз окугандар тозокко кирбейт
Кайсы бир мусулман пенде, ага парз намаздын убактысы келгенде дааратын жеткиликтүү алып, жүрөгү менен берилип, үрүкүлөрүн жакшы аткарып намаз окуса, андан мурдагы (майда) күнөөлөрүн кетирет, эгер ал чоң күнөө кылбаган болсо. Бул ар дайым ушундай
Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир
Ким азанчынын үнүн укканда: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах, ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух, розийту биллаахи роббан, ва бил ислаами диинан" деп айтса, анын күнөөлөрү кечирилет
Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат
Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт
Деңиздин суусу таза, өлүмтүгү адал" - деп жооп берди
Эгер суу эки кулла (чоң кумара) чыга турган болсо, ал нажас болбойт
Силерден бирөөңөр уйкудан турганда мурдун үч жолу кеңилжээрине чейин тазалап жуусун. Анткени шайтан мурундун кеңилжээринде түнөйт
Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу
“Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”
Силердин бирөөңөр даарат алып, анан маасысын кийсе, ошол маасысы менен намаз окуй берет. Кийин даарат алганда маасысына масх тартат жана кааласа аларды чечпейт. Бирок жунуб болсо гана чечип жуунусу керек
Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз
Өзүң айыз деп эсептеген мөөнөтүңчө намазды токтотуп тур да, анан жуунуп (окуй) бер" - деди
Жума күнү жуунуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса жыттуу нерсени себинүү ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулманга ваажыб
Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат
Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет
Кимде-ким ар бир парз намазынан кийин "Аят ал-Курси" деген аятты окуп жүрсө, анын бейишке кирүүсүн өлүмү гана тосуп турат
Эгерде силерден бирөөңөр намаз окуп жатып үч рекетпи же төрт рекетпи окуганын билбей шектенип калса, шектенип турганын эмес, анык болуп турганын улантып окуй берсин. Анан намаздын акырында салам берүүдөн мурда эки жолу сажда кылсын
Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары
Ушул эки намаз мунафыктар үчүн өтө оор намаздар. Бул эки намаз үчүн бериле турган сооп-сыйлыкты билгениңерде, төрт буттап жөрмөлөп болсо да келет элеңер
Аллах Таала менин үммөтүмдүн ой-санаасына келген, бирок аткарбаган жана эч кимге айтпаган күнөөлөрүн кечирет
Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин
Бардык мас кылуучу ичимдиктер арак. Ал эми бардык мас кылуучу ичимдиктер арам. Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичип жүрүп тообо кылбастан өтүп кетсе, акыретте аны иче албайт
Алты иш-аракет, төрт түрдүү адам жана эки сөзсүз боло турган иш бар. Ал эми ар бир жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Сөзсүз түрдө боло турган эки иш - ал кимде-ким Аллахка ширк кылбай өлсө, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким ширк кылып жүрүп өлсө, анда ал тозокко кирет. Бир амалга өзүндөй болгон сооп ал - эгерде-ким бир жакшы ишке ниет кылып ал ишти жүрөгү менен аткарууга аракет кылып кылса, (бирок аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болсо деле) Аллах анын жүрөгүн билип ага бир сооп жазат. А эгерде ким бир жаман иш кылса, анда ага бир күнөө жазылат. Ал эми бир жакшылык ишин кылса, анда ага он эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Кимде-ким Аллах жолунда мал-акчасын сарптаса, анда ага жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ал эми адамдар: Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы кеңири берилип акыретте куру жалак калат. Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы тарып акыретте кенен ырыскыга жетет. Бирөөсү, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы тар болот. Акыркысы, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы кенен болот
Аллах Өзүнүн өкүмдөрү так аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзү берген уруксаттардын аткарылышын жакшы көрөт
Эгерде Аллах бир пендени бир жерде өлүүнү тагдыр кылса, анда ага ошол жерде бир муктаждыгын жаратат
Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.@
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот" - деди
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жолудан, бир жолудан жууп даарат алды
Чындыгында. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки жолудан, эки жолудан жууп даарат алды
Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын
Ар бир мусулман жети күндө бир жуунууга милдеттүү, ошол күндөрдө башын жана денесин жууйт
Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду
Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот
Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей курат".*@
Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак
Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун
Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын
Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр
Адамдар Сахл бин Саад Ас-Саадиге келип, минбардын жанынан өтүшүп жана андан минбардын жыгачы эмнеден экенин сурашканда ал мындай деди: "Аллахка ант болсун! Анын эмнеден экенин билбейм. Аны биринчи орнотулган күнү көрдүм жана биринчи күнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүнө отурганын көрдүм. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Сахл деп атаган баланча ансар аялга мындай деп жөнөтөт: "Уста балаңа айт, мага минбар жасап берсин, мен адамдарга сүйлөгөндө ага отурайын. Ошондо ал аял кызматчысына буйруду. Ал кызматчысы аны токойдогу тамариск дарагынан жасады да аны аялга алып келди. Андан кийин ал аял аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөтөт. Ошондо Аллахтын Элчиси аны бул жерге коюуну буйруду. Андан соң мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, анын үстүндө намаз окуганын жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтканын, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылганын, андан соң жүзүн артка бурбай ылдый түшүп, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып чыкканын көрдүм. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".@
Намаз окуганыңарда катарыңарды түздөп тургула, анан силердин бириңер намазда имам болсун. Ал имам: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтса, анда силер да "Аллаху Акбар" деп такбир айткыла. Эгерде имам: «Гайрил магдууби алайхим уалад-дооооллиин" - деп айтса, анда силер: "Аамиин" - деп айтсаңар, Аллах Таала силерди жакшы көрөт. [Фатиха: 7] Эгерде имам такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Анткени имам силерден алдын рүкү кылып, силерден алдын рукүдөн тик турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Эгерде имам: "Самиаллааху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббана лакал хамду" - десеңер, Аллах силерди угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тили менен: "Самиьаллааху лиман хамидах, Аллах мактоо шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда силер да такбир айтып сажда кылгыла. Анткени имам силерден алдын сажда кылып, кайрадан саждадан турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Имам каадага отурганда силердин биринчи айткан сөзүңөр: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - сөзү болсун
"Чындыгында, Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир парз намазда жана башка убакта, Рамазанда жана башка убакта рүкү кылып жатканда: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтып, рүкүдөн турганда: “Самиьаллаху лиман хамидах” - деп айтып, андан кийин саждага барардан мурда "Раббанаа лакал хамду" деп айтчу. Андан кийин саждага жыгылганда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин кайра сажда кылып жатканда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтчу. Андан кийин эки сажданын ортосуна отурганы турганда “Аллаху акбар” деп такбир айтчу. Ал намазды бүтүргөнгө чейин ар бир рекетте ушундай кылган". Намазын окуп бүткөндөн кийин: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан". @
Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу
Чындыгында, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтчу: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу
Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".@*
“Адам өлгөндө, анын иш-аракеттери бүт токтойт. Бирок үч ишинин гана сообу токтобой улана берет. Алар: эл пайдасын көргөн, сообу үзүлбөгөн садакалары; бирөөлөргө үйрөтүп кеткен пайдалуу илим-билими; артынан дуба кылган ыймандуу баласы”
О, Аллахтын элчиси, Сааддын энеси кайтыш болду. Ал үчүн кандай садака кылсам жакшы? - дейт. Аллахтын элчиси: "Суу" - дейт. Кийин Саад кудук казып, суу чыгарып: "Бул Сааддын энеси үчүн (садака)" - деди
Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди
О, Аллахтын элчиси, жихадды амалдардын абзели деп билебиз. Жихадга чыкпайбызбы?" Аллахтын элчиси: "Жок, жихаддын абзели - бул, кабыл болгон ажылык" - деп жооп берет
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун моюнуна такап туруп өз колу менен мууздады
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчумун. Ал адамдар таштандыларын таштаган жерге барды да, туруп заара кылды
Бул экөөсү үммөтүмдүн эркектерине арам, аялдарына адал болду" - деди
Аллах жана Анын элчиси аракты сатууну, өлүмтүктү, чочкону жана буттарды арам кылды
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканадан чыкканда: "Гуфранака" деп айтчу
Азуу тиштүү жырткычтардын жана тырмактуу (жырткыч) канаттуулардын этин жегенден тыйган
Бардык эки азандын ортосунда намаз бар. Бардык эки азандын ортосунда намаз бар". Анан: "Каалагандар үчүн" - деп кошумчалаган
Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес
Аллах Таала силерге да садакадай сооптуу иштерди бербеди беле? Ар бир тасби айтканыңар - садага, Ар бир такбир айтканыңар - садага. Ар бир мактоо айтканыңар - садага. Ар бир - тахлил айтканыңар - садага. Жакшылыкка чакырганыңар - садага, жамандыктан тыйганыңар да - садага. Атүгүл, аялдарыңарга жакындык кылганыңар да - садага" - деди