+ -

عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ رضي الله عنهما قَالَ:
كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَجْوَدَ النَّاسِ، وَكَانَ أَجْوَدُ مَا يَكُونُ فِي رَمَضَانَ حِينَ يَلْقَاهُ جِبْرِيلُ، وَكَانَ يَلْقَاهُ فِي كُلِّ لَيْلَةٍ مِنْ رَمَضَانَ فَيُدَارِسُهُ القُرْآنَ، فَلَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَجْوَدُ بِالخَيْرِ مِنَ الرِّيحِ المُرْسَلَةِ.

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6]
المزيــد ...

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) мынтип айткан:
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын арасынан өтө жоомарты эле. Рамазан айында Жебреил периштеге жолуккан учурларында жоомарттыгы андан да күчөйт эле. Жебреил периштеге Рамазан айынын ар бир түнүндө жолугуп, бири-бирине Куранды окуп беришчү. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык кылууда согуп турган шамалдан да ылдамыраак эле".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын эң берешени болгон. Рамазан айында берешендиги андан да күчөп, ким эмнени кааласа ошону берчү. Анын берешендигинин артышына эки себеп бар эле:
Биринчиси: Жебиреил периштеге жолукканы.
Экинчиси: Куранды жүрөгүнөн өткөрүп окуганы.
Жебиреил периште ага Курандан түшкөн аяттардын баарын дагы бир сыйра окутуп чыкчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) өтө берешен жана жакшылыкты өтө көп кылган киши болгон. Адамдарга жакшылык кылууда Аллах Таала жөнөткөн согуп турган шамал сыяктуу шашылат эле.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Дариче Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берешендиги айрыкча Рамазан айында күчөйт эле. Анткени Рамазан айы таат-ибадаттын жана жакшылык кылуунун айы.
  2. Кайсы убакыт болбосун, берешен болуу керек, айрыкча Рамазан айында берешендикти күчөтүү жакшы.
  3. Рамазан айында Куран окууну, жакшылык иштерди кылууну, берешен болууну көбөйтүү керек.
  4. Илимди эстен чыгарбай сактоонун себептеринин бири - илим талап кылуучулар жана аалымдар менен бирге сабак өтүү.