+ -

كان رسولُ الله صلى الله عليه وسلم إذا عَطَس وضَعَ يَدَه -أو ثوبَهُ- على فيهِ، وخَفَضَ -أو غضَّ- بها صوتَهُ.
[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي وأحمد]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу.

Сахих (ишенимдүү) - Ат-Тирмизи жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө мындай кылчу:
Биринчи: колу же кийиминин бир учу менен оозун жапчу; муну оозунан же мурдунан жанындагыларды иренжите турган нерселер чыгып кетпеши үчүн ушундай кылчу.
Экинчи: үнүн акырын чыгарчу, катуу чыгарчу эмес.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөн адамга көрсөткөн өрнөгү жана аны так ошондой аткаруу зарылдыгы айтылган.
  2. Чүчкүргөн учурда башкаларды иренжитпеш үчүн кол менен же колаарчы менен оозду жабуу жакшы.
  3. Ошондой эле чүчкүргөндө үндү акырын чыгаруу керек. Бул адептүүлүктү жана жакшы ахлакты билдирет.
Дагы...