عن عائشة أم المؤمنين وعبد الله بن عباس رضي الله عنهما قالا:
لَمَّا نَزَلَ بِرَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ طَفِقَ يَطْرَحُ خَمِيصَةً لَهُ عَلَى وَجْهِهِ، فَإِذَا اغْتَمَّ بِهَا كَشَفَهَا عَنْ وَجْهِهِ، فَقَالَ وَهُوَ كَذَلِكَ: «لَعْنَةُ اللَّهِ عَلَى اليَهُودِ وَالنَّصَارَى، اتَّخَذُوا قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ مَسَاجِدَ» يُحَذِّرُ مَا صَنَعُوا.
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 435]
المزيــد ...
Айша жана Абдулла бин Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал экөөсү айтты:
"Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда, аны жүзүнөн алып салып жатты. Ал ошондой оор абалда жатып: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан" - деп алардын кылгандарынан эскертип жатты".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 435]
Бул хадисте Айша жана Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) мындай деп кабарлап жатат: "Пайгамбарга (Аллахалардан болсун) өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда аны жүзүнөн алып салып жатты. Ошондой оор абалда жатып мындай деди: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады жана аларды Өз ырайымынан алыстатты. Себеби, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүнө мечиттерди салышкан". Эгер бул иштин коркунучтуулугу болбогондо, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай кыйын абалда аны эскертмек эмес. Ошондуктан ал мына ошого окшош иштерден үммөтүнө тыюу салды. Анткени ал яхудийлер менен христиандардын кылганы жана Аллах Таалага ширк кылууга алып баруучу жол.