عن جندب رضي الله عنه قال:
سَمِعْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَبْلَ أَنْ يَمُوتَ بِخَمْسٍ وَهُوَ يَقُولُ «إِنِّي أَبْرَأُ إِلَى اللهِ أَنْ يَكُونَ لِي مِنْكُمْ خَلِيلٌ فَإِنَّ اللهَ تَعَالَى قَدِ اتَّخَذَنِي خَلِيلًا كَمَا اتَّخَذَ إِبْرَاهِيمَ خَلِيلًا، وَلَوْ كُنْتُ مُتَّخِذًا مِنْ أُمَّتِي خَلِيلًا لَاتَّخَذْتُ أَبَا بَكْرٍ خَلِيلًا! أَلَا وَإِنَّ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ كَانُوا يَتَّخِذُونَ قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ وَصَالِحِيهِمْ مَسَاجِدَ، أَلَا فَلَا تَتَّخِذُوا الْقُبُورَ مَسَاجِدَ! إِنِّي أَنْهَاكُمْ عَنْ ذَلِكَ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 532]
المزيــد ...
Жундуб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
«Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө мага халил (1) болуусунан коргоо сураймын. Чындыгында, Аллах Ибрахим, алейхис саламды, Өзүнө халил кылып алгандай мени да өзүнө халил кылып алды. Эгерде мен үммөтүмдөн кимдир бирөөнү өзүмө халил кылып ала турган болсом, анда Абу Бакрды халил кылып алмакмын. Силерден алдыңкы коомдор пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит кылып алышпадыбы?!. Силер кабырларды мечит кылып албагыла. Мен силерди андай кылуудан тыямын».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 532]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын алдында халил макамына ээ экенин, ал халил макамы жакшы көрүүнүн эң жогорку даражасы экенин жана ага Ибрахим пайгамбар жеткендей пайгамбарыбыз да жеткенин кабар берди. Ошондуктан Пайгамбар өзүнө Аллахтан башканы халил болуусун тыйган. Анткени анын жүрөгү Аллах Тааланы сүйүүгө, улуктоого, жана Аны таанып билүүгө толгон болчу. Ошондуктан ал жүрөгүнө Аллахтан башка эч кимди батырган эмес. Эгерде Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардан кимдир бирөөнү халил кылып ала турган болсо, анда Абу Бакрды (Аллах андан ыраазы болсун) халил кылып алмак. Андан кийин Пайгамбар (Аллах андан ыраазы болсун) бирөөнү жакшы көрүүдө уруксат берилген чектен Яхудийлер жана христиандар сыяктуу ашып кетүүдөн эскертти. Алар пайгамбарларын жана салих адамдарын чектен чыгып сүйгөндүктөрү себептен алардын кабырын сыйынуучу кудайча кылып алышты. Алардын кабырларына мечиттерди жана ибадатканаларды тургузушту. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнү яхудийлер жана христиандар аткарган нерселерден кайтарды.