+ -

عَنْ أُسَامَةَ بْنِ زَيْدٍ رضي الله عنه قَالَ: قِيلَ لَهُ: أَلَا تَدْخُلُ عَلَى عُثْمَانَ فَتُكَلِّمَهُ؟ فَقَالَ: أَتَرَوْنَ أَنِّي لَا أُكَلِّمُهُ إِلَّا أُسْمِعُكُمْ؟ وَاللهِ لَقَدْ كَلَّمْتُهُ فِيمَا بَيْنِي وَبَيْنَهُ، مَا دُونَ أَنْ أَفْتَتِحَ أَمْرًا لَا أُحِبُّ أَنْ أَكُونَ أَوَّلَ مَنْ فَتَحَهُ، وَلَا أَقُولُ لِأَحَدٍ يَكُونُ عَلَيَّ أَمِيرًا: إِنَّهُ خَيْرُ النَّاسِ بَعْدَمَا سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«يُؤْتَى بِالرَّجُلِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، فَيُلْقَى فِي النَّارِ، فَتَنْدَلِقُ أَقْتَابُ بَطْنِهِ، فَيَدُورُ بِهَا كَمَا يَدُورُ الْحِمَارُ بِالرَّحَى، فَيَجْتَمِعُ إِلَيْهِ أَهْلُ النَّارِ، فَيَقُولُونَ: يَا فُلَانُ مَا لَكَ؟ أَلَمْ تَكُنْ تَأْمُرُ بِالْمَعْرُوفِ، وَتَنْهَى عَنِ الْمُنْكَرِ؟ فَيَقُولُ: بَلَى، قَدْ كُنْتُ آمُرُ بِالْمَعْرُوفِ وَلَا آتِيهِ، وَأَنْهَى عَنِ الْمُنْكَرِ وَآتِيهِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 2989]
المزيــد ...

Усама бин Зайддын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, ага бирөөлөр: Сен Усманга кирип сүйлөшпөйсүңбү? - дешет. Ал: Силер укпасаңар эле мен сүйлөшпөгөн боломбу? Аллахка ант болсун, мен аны менен бетме-бет сүйлөштүм. (Башчыга ар ким доомат артып кире бере турган) эшикти биринчи ачкан киши болуудан корком. Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү хадисти уккандан кийин, башчы болгон адамдардын эч бирин адамдардын жакшысы деп айтпайм.
"Кыямат күнү бир киши алып келинип тозокко ташталат. Анын ичеги-карды чубалып калат. Анан ал эшек тегирмендин ташын айлантып тегеренген сыяктуу ичеги-кардын айланып калат. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулат. Анан: Эй, баланча! Сага эмне болду!? Сен башкаларды жашылыкка чакырып, жамандыктан тыят элең го? - деп сурашат. Ал айтат: Ооба, чындап башкаларды жакшылыкка чакырчумун, бирок өзүм аткарчу эмесмин. жамандыктан кайтарчумун, бирок өзүм кыла берчүмүн".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 2989]

Түшүндүрмө

Усама бин Зайдга (ага Аллах ыраазы болсун): Усман бин Аффанга (ага Аллах ыраазы болсун) кирип адамдардын арасына жайылып жаткан фитна тууралуу айтпайсыңбы деп айтышат. Усама: Ага кирип жашыруун сүйлөшкөнүн айтат. Анткени, ал башчыга эл көзүнчө ачык каяша кылууну каалаган эмес. Андай кылса, халифаны кемсинтүүгө себеп болуп калмак жана буга чейин эч ким ача элек фитнанын эшигин ачкан болмок.
Андан кийин Усама (ага Аллах ыраазы болсун): ал амирлерге жашыруун насаат кыларын, падышага да кошомат кылбастыгын, аларды жалгандан беттерине мактабастыгын айтат. Анткени ал пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана макоосу болсун) минтип айтканын уккан: кыямат күнү бир кишини алып келип, тозокко ташташат. Азаптын оордугунан жана ысыктын катуулугунан анын ичеги-карды дароо эле чубалып калат. Анан ал тегирмендин ташын айланып тегеренген эшек сыяктуу өзүнүн ичеги-кардын тегерене баштайт. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулуп: "Эй, баланча, сен башкаларды жакшлыкка буйруп, жамандыктан тыят элең го?!" - деп сурашат.
Ал минтип айтат: Мен башкаларды жакшылыкка буйруйт элем, бирок өзүм аткарбайт элем. Жамандыктан тыят элем, бирок өзүм аткара берет элем.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча Малагасиче Каннадача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Негизинде башчыларга насаат айтканда жалпы элдин алдында эмес, жеке өзүнө айткан оң.
  2. Айткан сөзүнө кылган иши төп келбегендерге катуу азап убада кылынган.
  3. Башчыларга жумшак мамиле кылып, аларды жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтаруунун адеби ушундай.
  4. Башчынын алдында аны жалган мактоо, ага кошомат кылуу жана анын жашыруун ишин ачыкка чыгаруу жакшы эмес.
Дагы...