+ -

عن جابر بن عبد الله رضي الله عنهما قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«مَنْ لَقِيَ اللهَ لَا يُشْرِكُ بِهِ شَيْئًا دَخَلَ الْجَنَّةَ، وَمَنْ لَقِيَهُ يُشْرِكُ بِهِ دَخَلَ النَّارَ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Жабир Ибн Абдуллах, радыяллаху анхума, айтты: «Мен Аллахтын Элчисин, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:
«Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет».

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул хадисте ким ширк кылбаган абалда өлсө, ал кээ бир күнөөсү үчүн тозокто азапталса да анын бара турган жайы бейиш экендигин жана ким ширк кылган абалда өлсө, тозокто түбөлүктүү калаарын кабарлап жатат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Таухидтин пазилети жана ал тозокто түбөлүк калуудан сактайт.
  2. Бейиш жана тозок пендеге жакын. Аны менен пенденин ортосун өлүм гана тосуп турат.
  3. Ширктин көбүнөн да азынан да эскертүү. Анткени тозоктон аман калуу ширктен алыс болууда турат.
  4. Иш-аракеттердин эң акыркы аткарылганы эске алынат.
Дагы...