عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم:
«اللهُمَّ لَا تَجْعَلْ قَبْرِي وَثَنًا، لَعَنَ اللهُ قَوْمًا اتَّخَذُوا قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ مَسَاجِدَ».

[صحيح] - [رواه أحمد] - [مسند أحمد: 7358]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ахмад жазып калтырган] - [Муснад Ахмад - 7358]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) раббисинен дуба кылып, анын кабырын адамдар улуктап, ага сажда кылып өөп сыйынуусунан сактоону сурады. Андан кийин Аллах Пайгамбарлардын кабырын мечитке (ибадат жайына) айланткан адамдарды Өз мээриминен алыстатты жана чыгарып салды. Анткени пайгамбарлардын кабырларын мечит кылып алуу аларга ибадат кылууга жана алар пайда жана зыян берет деп ишенүүгө жол ачат.

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбарлардын жана солих инсандардын кабырын шарият койгон чектен чыгып улуктап жиберүү аларга ибадат кылууга, башкача айтканда Аллахтан башкага ибадат кылууга алып барат. Ошондуктан ширкке алып баруучу жолдордон алыс болуу керек.
  2. Кабырда жаткан адам канчалык Аллахка жакын инсан болбосун анын кабырынын алдында ибадат кылууга жана кабырларды улуктоого тыюу салынат.
  3. Кабырлардын үстүнө мечит куруу арам.
  4. Кабырлардын жанында жаназа намазын гана окууга болот, андан башка намаздарды окуу арам кылынган.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)