Хадистердин тизмеси

Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген
عربي الإنجليزية الأوردية
Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам
عربي الإنجليزية الأوردية
Тамак келгенде намаз болбойт жана эки нажас келип калган абалда туруп да намаз окулбайт
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң
عربي الإنجليزية الأوردية
Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады
عربي الإنجليزية الأوردية
Мунафыктар үчүн эң оор намаз – куптан жана багымдат намаздары. Эгер алар ал намаздарда эмне бар экенин билишкенде, анда жөрмөлөп болсо да келишмек
عربي الإنجليزية الأوردية
Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул сөздөрдү ар бир намаздан кийин айтчу" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким асыр намазын калтырса, анын амалы текке кетет" - деген
عربي الإنجليزية الأوردية
Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп
عربي الإنجليزية الأوردية
Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" деп айтчу
عربي الإنجليزية الأوردية
Туруп оку, эгер анте албасаң, анда отуруп оку. Эгер анте да албасаң, анда жатып оку" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
- деп сурады. "Ооба" - деди тиги киши. "Анда ага жооп бер" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген
عربي الإنجليزية الأوردية
Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам
عربي الإنجليزية الأوردية
Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгерде азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - десе, силер да: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - десе, силер да: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алас-солаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алаль-фалаах, хаййя алаль-фалаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Лаа иляха иллааллах" - десе, силер да: "Лаа иляха иллааллах" - деп чын жүрөктөн айтсаңар, анда Аллах силерди бейишке киргизет”. (7)
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла
عربي الإنجليزية الأوردية
Саптарда тегиз тургула. Анткени, саптын тегиздиги - намаздын толуктугунан болуп эсептелет
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым
عربي الإنجليزية الأوردية
Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды баштаганда эки колун эки ийининин тушуна чейин көтөрчү
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин алаканымды эки алаканын ортосуна кармап, ташахудду мага куду Курандын сүрөлөрүн үйрөткөндөй үйрөттү
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахумма баъид байни ва байна хотойайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб,
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахка кайсы иш-амал көбүрөөк жагат? - деп сурадым. "Өз убагында окулган намаз" - деди ал. Андан кийиничи? - дедим. "Андан кийин ата-энеге жакшы мамиле кылуу" - деди. Андан кийинчи? - деди. "Аллахтын жолунда жихадга чыгуу
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад анын элчиси экендигине күбөлүк берүүгө, намаз окууга, зекет берүүгө, (башчыны) угууга жана баш ийүүгө, бардык мусулмандарга насаат кылууга ант-убада бердим
عربي الإنجليزية الأوردية
сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким эртең мененки жана кеч курунку намазды окуса, бейишке кирет
عربي الإنجليزية الأوردية
Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы?
عربي الإنجليزية الأوردية
Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз?
عربي الإنجليزية الأوردية
Фатиханы окубаган адамдын намазы жок
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса,
عربي الإنجليزية الأوردية
Силерден кимиңер жума намазына келсе, жуунуп келсин
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким жакшылап толук даарат алып, жума намазына барса, анан (кутпаны) укса жана унчкупай жым отурса, өткөн жумадан бул жумага чейинки, ага кошумча дагы үч күндүн (майда) күнөөлөрү кечирилет
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким эртең менен жана кечинде мечитке барса, анын ар бир барганы үчүн Аллах Таала ага бейиште сый даярдап койот
عربي الإنجليزية الأوردية
Эй, адамдар! Саламыңарды жайылткыла. Ачкаларды тоюндургула! Туугандар менен катташкыла! Түндө башкалар уктап жатканда силер намаз окугула! Ошондо эч жамандыкка учурабай бейишке киресиңер!
عربي الإنجليزية الأوردية
Күн чыгардан мурда жана Күн батардан мурда намаз окугандар тозокко кирбейт
عربي الإنجليزية الأوردية
Кайсы бир мусулман пенде, ага парз намаздын убактысы келгенде дааратын жеткиликтүү алып, жүрөгү менен берилип, үрүкүлөрүн жакшы аткарып намаз окуса, андан мурдагы (майда) күнөөлөрүн кетирет, эгер ал чоң күнөө кылбаган болсо. Бул ар дайым ушундай
عربي الإنجليزية الأوردية
Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким азанчынын үнүн укканда: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах, ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух, розийту биллаахи роббан, ва бил ислаами диинан" деп айтса, анын күнөөлөрү кечирилет
عربي الإنجليزية الأوردية
Жума күнү жуунуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса жыттуу нерсени себинүү ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулманга ваажыб
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким ар бир парз намазынан кийин "Аят ал-Курси" деген аятты окуп жүрсө, анын бейишке кирүүсүн өлүмү гана тосуп турат
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгерде силерден бирөөңөр намаз окуп жатып үч рекетпи же төрт рекетпи окуганын билбей шектенип калса, шектенип турганын эмес, анык болуп турганын улантып окуй берсин. Анан намаздын акырында салам берүүдөн мурда эки жолу сажда кылсын
عربي الإنجليزية الأوردية
Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары
عربي الإنجليزية الأوردية
Ушул эки намаз мунафыктар үчүн өтө оор намаздар. Бул эки намаз үчүн бериле турган сооп-сыйлыкты билгениңерде, төрт буттап жөрмөлөп болсо да келет элеңер
عربي الإنجليزية الأوردية
Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин
عربي الإنجليزية الأوردية
Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.@
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей курат".*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак
عربي الإنجليزية الأوردية
Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын
عربي الإنجليزية الأوردية
Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр
عربي الإنجليزية الأوردية
Адамдар Сахл бин Саад Ас-Саадиге келип, минбардын жанынан өтүшүп жана андан минбардын жыгачы эмнеден экенин сурашканда ал мындай деди: "Аллахка ант болсун! Анын эмнеден экенин билбейм. Аны биринчи орнотулган күнү көрдүм жана биринчи күнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүнө отурганын көрдүм. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Сахл деп атаган баланча ансар аялга мындай деп жөнөтөт: "Уста балаңа айт, мага минбар жасап берсин, мен адамдарга сүйлөгөндө ага отурайын. Ошондо ал аял кызматчысына буйруду. Ал кызматчысы аны токойдогу тамариск дарагынан жасады да аны аялга алып келди. Андан кийин ал аял аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөтөт. Ошондо Аллахтын Элчиси аны бул жерге коюуну буйруду. Андан соң мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, анын үстүндө намаз окуганын жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтканын, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылганын, андан соң жүзүн артка бурбай ылдый түшүп, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып чыкканын көрдүм. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".@
عربي الإنجليزية الأوردية
Намаз окуганыңарда катарыңарды түздөп тургула, анан силердин бириңер намазда имам болсун. Ал имам: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтса, анда силер да "Аллаху Акбар" деп такбир айткыла. Эгерде имам: «Гайрил магдууби алайхим уалад-дооооллиин" - деп айтса, анда силер: "Аамиин" - деп айтсаңар, Аллах Таала силерди жакшы көрөт. [Фатиха: 7] Эгерде имам такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Анткени имам силерден алдын рүкү кылып, силерден алдын рукүдөн тик турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Эгерде имам: "Самиаллааху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббана лакал хамду" - десеңер, Аллах силерди угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тили менен: "Самиьаллааху лиман хамидах, Аллах мактоо шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда силер да такбир айтып сажда кылгыла. Анткени имам силерден алдын сажда кылып, кайрадан саждадан турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Имам каадага отурганда силердин биринчи айткан сөзүңөр: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - сөзү болсун
عربي الإنجليزية الأوردية
"Чындыгында, Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир парз намазда жана башка убакта, Рамазанда жана башка убакта рүкү кылып жатканда: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтып, рүкүдөн турганда: “Самиьаллаху лиман хамидах” - деп айтып, андан кийин саждага барардан мурда "Раббанаа лакал хамду" деп айтчу. Андан кийин саждага жыгылганда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин кайра сажда кылып жатканда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтчу. Андан кийин эки сажданын ортосуна отурганы турганда “Аллаху акбар” деп такбир айтчу. Ал намазды бүтүргөнгө чейин ар бир рекетте ушундай кылган". Намазын окуп бүткөндөн кийин: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан". @
عربي الإنجليزية الأوردية
Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтчу: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу
عربي الإنجليزية الأوردية
Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".@*
عربي الإنجليزية الأوردية
Бардык эки азандын ортосунда намаз бар. Бардык эки азандын ортосунда намаз бар". Анан: "Каалагандар үчүн" - деп кошумчалаган
عربي الإنجليزية الأوردية