عن ثَوْبَانَ رضي الله عنه قال:
كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا انْصَرَفَ مِنْ صَلَاتِهِ اسْتَغْفَرَ ثَلَاثًا، وَقَالَ: «اللَّهُمَّ أَنْتَ السَّلَامُ، وَمِنْكَ السَّلَامُ، تَبَارَكْتَ ذَا الْجَلَالِ وَالْإِكْرَامِ»، قَالَ الْوَلِيدُ: فَقُلْتُ لِلْأَوْزَاعِيِّ: كَيْفَ الْاسْتِغْفَارُ؟ قَالَ: تَقُولُ: أَسْتَغْفِرُ اللهَ، أَسْتَغْفِرُ اللهَ.

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 591]
المزيــد ...

Савбан (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуп бүткөндө үч жолу истигфар айтып, анан: "Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" деп айтчу. Валид айтат: Авзаъийден: Истигфарды кантип айтат? - деп сурасам, ал: Астагфируллох, астагфируллох... деп айтасың - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 591]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазын бүткөндө: "Астагфируллох, астагфируллох, астагфируллох" - деп айткан.
Андан кийин Аллах Тааланы улуктап: "Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" - деп айткан. Аллахтын Салам-тынчтык сыпаты толук, бардык айып-кемчиликтерден таза. Анын ушул сыпаты менен Анын Өзүнөн гана дүйнө жана акыреттин жамандыктарынан саламаттыкты сурайт. Аллах Тааланын жакшылыгы эки дүйнөдө тең көп, Ал улуулук жана жакшылыктын ээси.

Хадистин пайдалары

  1. Намаздан кийин истигфар айтуу жана аны дайыма улантуу жакшы.
  2. Ибадаттагы жана баш ийүүдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн истигфар айтуу жакшы.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (62)
Дагы...