+ -

«مَنْ سَبَّحَ اللهَ فِي دُبُرِ كُلِّ صَلَاةٍ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ، وَحَمِدَ اللهَ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ، وَكَبَّرَ اللهَ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ، فَتْلِكَ تِسْعَةٌ وَتِسْعُونَ، وَقَالَ: تَمَامَ الْمِائَةِ: لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ غُفِرَتْ خَطَايَاهُ وَإِنْ كَانَتْ مِثْلَ زَبَدِ الْبَحْرِ».
[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким парз намаздардан кийин төмөнкү зикир-дубаларды айтса:
Отуз үч жолу "Субханаллаах" десе, бул Аллахты кемчиликсиз деп аруулоо.
Отуз үч жолу "Алхамду лиллаахи" десе, бул Аллахты жакшы көрүп, аны улуктап айткан алкыш-мактоо.
Отуз үч жолу "Аллаху Акбар" десе, бул Аллах Таала бардык нерседен Улуу жана Бийик деген сөз.
Жүзүнчүсүндө: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку валахул хамду ва хува аълаа кулли шайин кодиир" деп айтса, бул сөздүн мааниси: Жалгыз, эч шериги жок Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, бир гана Кемчиликсиз Аллах Таала толук мүлктүн ээси, Ага гана улуктоо жана сүйүү менен айтылган алкыш-мактоого ылайык, Андан башка эч ким буга ылайык эмес, Ал бардык нерсеге Кудуреттүү, Ал аткара албай кала турган эч нерсе жок дегенди билдирет.
Мына ушул сөздөрдү айткан адамдын күнөөлөрү деңиз суусу толкуганда жээкте пайда болгон аппак көбүктөрдөй көп болсо да кечирилет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Французча Түркчө Орусча Боснияча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Парз намаздардан кийин ушул зикирлерди айтуу жакшы.
  2. Бул зикирлер күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот.
  3. Аллах Тааланын улуктугу, ырайымы жана кечирими кенен.
  4. Бул зикирлер күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот дегени, майда күнөөлөргө тиешелүү. Ал эми чоң күнөөлөр тообо кылуу менен гана кечирилет.
Дагы...