+ -

عن ابن عباس رضي الله عنهما:
كان النبي صلى الله عليه وسلم يقول بين السجدتين: «اللَّهمَّ اغْفِرْ لي، وارْحَمْنِي، وعافِني، واهْدِني، وارزقْنِي».

[حسن بشواهده] - [رواه أبو داود والترمذي وابن ماجه وأحمد]
المزيــد ...

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу.

Сахих (ишенимдүү) - Ибн Маажа жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактооосу болсун) намазда эки сажданын ортосунда ушул беш нерсени, мусулман пенде өтө муктаж боло турган, дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын ичине камтыган нерселерди сурап дуба кылчу. Биринчи: Күнөөлөрүн кечирүүнү, айып-кемчилигин жашырууну жана ал үчүн жазалабоону. Экинчи: Кенен ырайымын. Үчүнчү: Шектүү иштерден, ышкы-кумардан, оору-сыркоодон сактоону. Төртүнчү: Ак жолду жана ал жолдон адаштырбай алып жүрүүнү. Бешинчи: Ыйман, илим, жакшы амал жана адал ырыскысын берүүнү.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Эки сажданын ортосунда ушул дубаны айтуу шариятта көрсөтүлгөн.
  2. Дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын ичине камтыганы үчүн бул дубанын артыкчылыгы чоң.