+ -

كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، إِذَا كَبَّرَ فِي الصَّلَاةِ، سَكَتَ هُنَيَّةً قَبْلَ أَنْ يَقْرَأَ، فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ بِأَبِي أَنْتَ وَأُمِّي أَرَأَيْتَ سُكُوتَكَ بَيْنَ التَّكْبِيرِ وَالْقِرَاءَةِ، مَا تَقُولُ؟ قَالَ «أَقُولُ: @اللهُمَّ بَاعِدْ بَيْنِي وَبَيْنَ خَطَايَايَ كَمَا بَاعَدْتَ بَيْنَ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ*، اللهُمَّ نَقِّنِي مِنْ خَطَايَايَ كَمَا يُنَقَّى الثَّوْبُ الْأَبْيَضُ مِنَ الدَّنَسِ، اللهُمَّ اغْسِلْنِي مِنْ خَطَايَايَ بِالثَّلْجِ وَالْمَاءِ وَالْبَرَدِ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такбир айтып намазга киргенден кийин (Фатиханы) окуганга чейин бир саамга унчукпай турчу. Ошондо мен: О, Аллахтын элчиси, ата-энем сага курман болсун, такбир менен кырааттын ортосунда унчукпай турдуңуз, ал учурда эмнени окуйсуз? - деп сурадым. Ал: " Аллахумма баъид байни ва байна хотойайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб, Аллахумма наккини мин хотойайа камаа йунаккас савбул абйазу минад-данаси, Аллахуммаг силнии мин хотойайа бис-салжи вал-мааи вал-баради" деп айтамын" - деди.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такбир айтып намазга киришкенден кийин фатиханы окуганга чейин бир азга унчукпай туруп калчу. Б.а. намазды кайсы бир дубаны окуп баштачу. Анын окуган дубасы мындай эле: О, Аллах! Мен менен менин каталарымдын арасын батыш менен чыгыштын арасын узак кылгандай узак кыл! О, Аллах! Ак кийим кирден таза болгондой мени да каталарымдан тазарта көр! О, Аллах! Менин каталарымды кар, суу жана шүүдүрүм менен жуба көр! Ал күнөө кылбастыгы үчүн күнөөлөрү менен анын ортосун чыгыш менен батыш бири-бирине жолуга албагандай эч жолуга албай турган алыс кылгын деп дуба кылган. Кокус ага жолугуп калса б.а. күнөө кылып калса, анда аны ак кийимдин кирин кетирип тазалагандай таптаза кылуусун, күнөөсүн эң жакшы муздак тазалоочу суу, кар жана шүүдүрүм менен тазалагандай тазалап анын табын жана ысыгын кетирүүсүн суранып дуба кылган.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Намаз жарыя окулчу намаз болсо да, намазга киришкенде айтылчу бул дуба купуя окулат.
  2. Сахабалар пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бири кыймылына жана унчукпай турганына кызыгып, ошол учурда эмне деп жатканын билүүгө кызыктар болушкан.
  3. Намазды баштоо дубасынын башкача айтылгандары да бар. Жакшысы, анык пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан бул дубалардын баарын билип, кээде бирин, кээде башкасын айтып жүрүүсү керек.
Дагы...