+ -

عَنِ ‌ابْنِ أَبِي أَوْفَى رضي الله عنه قَالَ:
كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا رَفَعَ ظَهْرَهُ مِنَ الرُّكُوعِ قَالَ: «سَمِعَ اللهُ لِمَنْ حَمِدَهُ، اللَّهُمَّ رَبَّنَا لَكَ الْحَمْدُ، مِلْءَ السَّمَاوَاتِ وَمِلْءَ الْأَرْضِ وَمِلْءَ مَا شِئْتَ مِنْ شَيْءٍ بَعْدُ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 476]
المزيــد ...

Ибн Аби Авфа, радыяллаху анху, айтты:
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 476]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах" - деп айтчу. Мааниси: Ким Аллах Таалага мактоолорду айтса, Аллах Таала анын дубасын кабыл кылат жана анын мактоо-шүгүрлөрүн кабыл кылып, ага сооп-сыйлыктарды берет. Андан кийин Аллах Таалага ушул сөздөр менен мактоо-шүгүрлөрдү айтат: Оо, Аллах! Раббибиз, Сага асман толо жана жер толо, андан кийин каалаган нерсең менен толтура мактоолор болсун. Асмандарды, жерди жана алардын ортосундагы бардык нерселерди толтурган мактоолор болсун жана Аллах каалагандай мактоолор болсун.

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف Азерче Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Намаз окуган адам рүкүдөн башын көтөргөндө эмнени айтуусу сооптуу экени баяндалды.
  2. Рүкүдөн тургандан кийин түз жана бейпил туруу шариятта бар. Анткени ал түз жана бейпил турмайынча бул зикирди айтуу мүмкүн эмес.
  3. Бул зикир парз болобу, нафил болобу бардык намаздарда айтылыш керек.
Дагы...