+ -

عن أَبِي حَازِمِ بْن دِينَارٍ:
أَنَّ رِجَالًا أَتَوْا سَهْلَ بْنَ سَعْدٍ السَّاعِدِيَّ، وَقَدِ امْتَرَوْا فِي الْمِنْبَرِ مِمَّ عُودُهُ، فَسَأَلُوهُ عَنْ ذَلِكَ، فَقَالَ: وَاللهِ إِنِّي لَأَعْرِفُ مِمَّا هُوَ، وَلَقَدْ رَأَيْتُهُ أَوَّلَ يَوْمٍ وُضِعَ، وَأَوَّلَ يَوْمٍ جَلَسَ عَلَيْهِ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، أَرْسَلَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِلَى فُلَانَةَ -امْرَأَةٍ من الأنصار قَدْ سَمَّاهَا سَهْلٌ-: «مُرِي غُلَامَكِ النَّجَّارَ أَنْ يَعْمَلَ لِي أَعْوَادًا أَجْلِسُ عَلَيْهِنَّ إِذَا كَلَّمْتُ النَّاسَ»، فَأَمَرَتْهُ فَعَمِلَهَا مِنْ طَرْفَاءِ الْغَابَةِ، ثُمَّ جَاءَ بِهَا، فَأَرْسَلَتْ إِلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَأَمَرَ بِهَا فَوُضِعَتْ هَاهُنَا، ثُمَّ رَأَيْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ صَلَّى عَلَيْهَا وَكَبَّرَ وَهُوَ عَلَيْهَا، ثُمَّ رَكَعَ وَهُوَ عَلَيْهَا، ثُمَّ نَزَلَ الْقَهْقَرَى، فَسَجَدَ فِي أَصْلِ الْمِنْبَرِ ثُمَّ عَادَ، فَلَمَّا فَرَغَ أَقْبَلَ عَلَى النَّاسِ فَقَالَ: «أَيُّهَا النَّاسُ، إِنَّمَا صَنَعْتُ هَذَا لِتَأْتَمُّوا وَلِتَعَلَّمُوا صَلَاتِي».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хазим бин Динар, радыяллаху анху, риваят кылат.
Адамдар Сахл бин Саад Ас-Саадиге келип, минбардын жанынан өтүшүп жана андан минбардын жыгачы эмнеден экенин сурашканда ал мындай деди: "Аллахка ант болсун! Анын эмнеден экенин билбейм. Аны биринчи орнотулган күнү көрдүм жана биринчи күнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүнө отурганын көрдүм. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Сахл деп атаган баланча ансар аялга мындай деп жөнөтөт: "Уста балаңа айт, мага минбар жасап берсин, мен адамдарга сүйлөгөндө ага отурайын. Ошондо ал аял кызматчысына буйруду. Ал кызматчысы аны токойдогу тамариск дарагынан жасады да аны аялга алып келди. Андан кийин ал аял аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөтөт. Ошондо Аллахтын Элчиси аны бул жерге коюуну буйруду. Андан соң мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, анын үстүндө намаз окуганын жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтканын, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылганын, андан соң жүзүн артка бурбай ылдый түшүп, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып чыкканын көрдүм. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

"Адамдар сахабалардын бирине келип, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, минбары жөнүндө: "Ал эмнеден жасалган?" - деп сурашты. Алар бул жөнүндө талашып-тартышып жатышты. Ошондо аларга мындай деп айтышты: "Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ансарлардан бир уста кызматчысы бар бир аялга жөнөтүп, ага Пайгамбар: "Балаңа айт, мага мен элге сүйлөгөндө отура турган минбар жасап берсин" - деди. Аял аны кабыл кылып, кызматчысына Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үчүн тамариск дарагынан минбар жасоону буйруду. Ал бүтүргөндөн кийин аны Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөттү. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аны мечиттеги ордуна коюуга буйрук берди. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүндө намаз окуду жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтты, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылды. Андан соң ылдый түшүп, жүзүн артка бурбай артка карай басып, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып келди. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Минбарга чыгуу жана анын үстүндө даават кылуу сооптуу жана кабар берүүдө жана угууда пайдалуу.
  2. Таалим үчүн минбарда намаз окууга жана муктаждык болгондо имамдын адамдардан бийик көтөрүлүшү болот.
  3. Мусулмандардын муктаждыктары үчүн өнөрлүү адамдардан жардам суроо болот.
  4. Муктаждык болсо намаз учурунда кичине кыймылдаса болот.
  5. Артта намаз окуган адам намазда имамдан сабак алуу үчүн имамга карап койсо болот жана бул намаздагы коркуу менен турууга каршы келбейт.
Дагы...