عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«أَسْوَأُ النَّاسِ سَرَقَةً الَّذِي يَسْرِقُ صَلَاتَهُ» قَالَ: وَكَيْفَ يَسْرِقُ صَلَاتَهُ؟ قال: «لَا يُتِمُّ رُكُوعَهَا، وَلَا سُجُودَهَا».
[صحيح] - [رواه ابن حبان] - [صحيح ابن حبان: 1888]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Ибн Хаббан жазып калтырган] - [Сахих Ибн Хаббан - 1888]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уурулук кылган адамдын эң жаманы, намазынан уурдаган адам экенин баяндады. Себеби, башка бирөөнүн акчасын алуу, бул дүйнөдө ага пайда алып келиши мүмкүн. Намазын уурдаган ууру бул уурудан айырмаланып турат. Анткени ал өзүнүн сооп-сыйлыгын уурдап алат. Сахабалар: "Оо, Аллахтын Элчиси, ал намазынан кантип уурдайт?" - деп айтышты. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт" - деп айтты. Себеби, ал рүкүдө жана саждада шашып, эки рекет намазын толук турдө аткарбай калат.