+ -

عَنْ عُبَادَةَ بْنِ الصَّامِتِ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«لَا صَلَاةَ لِمَنْ لَمْ يَقْرَأْ بِفَاتِحَةِ الكِتَابِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Убада бин Саамит (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди:
"Фатиханы окубаган адамдын намазы жок".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Фатиха сүрөсү окулбаса, адамдын окуган намазы жарактуу болбостугун айткан. Фатиханы окуу намаздын ар бир ирекетинде аткарылчу рүкүндөрдүн бири.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Фатиха сүрөсүн окууга мүмкүнчүлүгү болуп туруп анын ордуна башка сүрөнү окуса, анын ордуна өтпөйт.
  2. Фатиха сүрөсү окулбаган ирекет батыл, б.а жакраксыз, мейли атайлап окубасын, мейли билбестен же унутуп окубасын, айырмасы жок. Анткени, ал рүкүн, рүкүндөр кандай шартта болсо да моюндан түшпөйт.
  3. Имамга жүктөгөн адам имам үрүкү кылган учурда жетишип калса, Фатиханы окуу анын моюнунан сакыт болот.