عَنْ أَبِي عَبْدِ اللَّهِ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ الْأَنْصَارِيِّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا:
أَنَّ رَجُلًا سَأَلَ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: أَرَأَيْتَ إِذَا صَلَّيْتُ المَكْتُوبَاتِ، وَصُمْتُ رَمَضَانَ، وَأَحْلَلْتُ الحَلَالَ، وَحَرَّمْتُ الحَرَامَ، وَلَمْ أَزِدْ عَلَى ذَلِكَ شَيْئًا، أَأَدْخُلُ الجَنَّةَ؟ قَالَ: «نَعَمْ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [الأربعون النووية: 22]
المزيــد ...
Абу Абдулла Жаабир бин Абдулла Ансари (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат:
Бир киши Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурады: «Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам деп билсем жана бул нерселерге эч нерсе кошпосом, анда мен бейишке киреминби?» Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ооба» - деди.
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [الأربعون النووية - 22]
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ким беш убак намазды окуп аларга нафил намазды кошпосо, Рамазан орозосун кармап нафил орозо кармабаса, адалды адал деп билип жана аны аткарса, арамдын арам экендигин билип андан алыс болсо, анда анын бейишке кирерин баяндады.