Категория:
+ -

عَنْ أَبِي مَالِكٍ الحَارِثِ بْنِ عَاصِمٍ الأَشْعَرِيِّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«الطُّهُورُ شَطْرُ الْإِيمَانِ، وَالْحَمْدُ لِلهِ تَمْلَأُ الْمِيزَانَ، وَسُبْحَانَ اللهِ وَالْحَمْدُ لِلهِ تَمْلَآنِ -أَوْ تَمْلَأُ- مَا بَيْنَ السَّمَاءِ وَالأَرْضِ، وَالصَّلَاةُ نُورٌ، وَالصَّدَقَةُ بُرْهَانٌ، وَالصَّبْرُ ضِيَاءٌ، وَالْقُرْآنُ حُجَّةٌ لَكَ أَوْ عَلَيْكَ، كُلُّ النَّاسِ يَغْدُو، فَبَايِعٌ نَفْسَهُ فَمُعْتِقُهَا أَوْ مُوبِقُهَا»

[صحيح] - [رواه مسلم] - [الأربعون النووية: 23]
المزيــد ...

Абу Маалик Ал-Хаарис ибн Аасим Ашарий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Тазалык – ыймандын жарымы. "Алхамдулиллах" деп айтуу амал таразасын толтурат. "Субхааналлах" жана "Алхамдулиллах" деп айтуу асман менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садага - далил, ал эми сабырдуулук -жылуу таптуу нур. Куран - сенин пайдаңа же зыяныңа күбө болот. Ар бир инсан күндө өз напсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [الأربعون النووية - 23]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай дейт: Чындыгында тышкы тазалык даарат алуу жана жуунуу менен болот. Анткени бул намаздын шарты. Ал эми: «Алхамдулиллах» – сөзү Аллахты мактоо сөзү жана Аны толук болгон сыпаттар менен сыпаттоо сөзү. Ошондой эле бул сөз Кыямат күнү таразага тартылып, амал таразасын толтурат. Ал эми «Субханаллах» жана «Алхамдулиллах» сөздөрү - бул ар бир кемчиликтен аруулоо жана Аллахтын улуулугуна ылайыктуу келген толук болгон сыпаттар менен сыпаттаган сөздөр. Бул сөздөрдү айтууда Аллахка толук сүйүү жана улуктоо менен коштолот. Ошондой эле бул сөздөр жер менен асмандардын ортосун толтурат. «Намаз нур» деген сөзү пенденин жүрөгүндө, жүзүндө, кабырында жана кайра тирилүүдө ага нур болот. «Садака далил» деген сөзү момундун ыйманынын чынчылдыгына далил болот. Ошондой эле садаканын сыйлыктарына ишенбегендиги үчүн садаканы бербеген мунафык адам эмес экенине далил болот. “Сабырдуулук жарыктык” – бул деген тынчсызданууда жана нааразычылыкта өзүн кармай билүү. Сабырдуулуктун жарыктык сыяктуу болгонунун себеби күн нуру сыяктуу жылуулукту жана күйүүнү алып келген жарык сыяктуу. Анткени, сабыр кылуу - бул нафсиге оор келет жана өзүн өзү көптөгөн аракет менен көндүрүүсү керек. Ошондой эле өзү каалаган нерсесинен өзүн кармоосу талап кылынат. Анын ээси дайыма жарык жана туура жолдо болот. Сабыр кылуу – Аллахка моюн сунууда, Ал арам кылган иштерден тыйылууда сабыр кылуу жана бул дүйнөдөгү балээлерге жана ар кандай кыйынчылыктарга сабыр кылуу түрлөрүнө бөлүнөт. «Куран болсо, сенин пайдаңа» - бул Куранды тилават кылуу менен жана ага амал кылуу менен болот. Же «сенин зыяныңа күбө болот» - бул Куранды тилават кылууну жана аны иш жүзүнө ашырууну таштап коюуда болот. Андан кийин, Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге бардык адамдар чуркашып, тарашып, уйкудан туруп ар кандай иштери үчүн үйлөрүнөн чыгып кетээрин айтты. Алардын кээ бирлери Аллахка моюн сунууда туура жолду карманышып өз нафсилерин тозок отунан куткаргандар жана алардын арасында туура жолдон тайып, Аллахка баш ийбей, тозокко түшүп нафсисин кор кылгандар да бар.

Хадистин пайдалары

  1. Тазалык эки түрдүү болот: Сырткы тазалык - ал даарат алуу жана жуунуп гусул алуу менен болот. Ал эми ички тазалык – тавхид, ыймандуулук жана жакшы амалдар менен болот.
  2. Намазга бекем болуунун маанилүүлүгү айтылды. Анткени намаз пенде үчүн бул дүйнөдө жана Кыяматта нур болот.
  3. Садака берүү ыймандын чынчылдыгына далил болот.
  4. Курандын өкүмдөрүн жана тыйган тыюуларын иш жүзүндө аткаруунун маанилүүлүгү. Ал сенин зыяныңа эмес, сенин пайдаңа болушу үчүн ага бекем ыйман келтирүү маанилүүлүгү айтылды.
  5. Эгерде нафсиңди Аллахка баш ийүү менен алектендирбесең, анда ал сени күнөөлөр менен алектендирет.
  6. Ар бир адам иш-аракеттерди аткаруу керек. Ошондуктан нафсисин Аллахка моюн сунуу менен тозоктон куткарат же Аллахка баш ийбестик менен жок кылат.
  7. Сабыр кылуу көтөрө билүүнү жана анын сыйлыгын үмүттөнүүнү талап кылат жана аны аткарууда кыйынчылыктар жаралат.
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...