Хадистердин тизмеси

Тазалык – ыймандын жарымы. "Алхамдулиллах" деп айтуу амал таразасын толтурат. "Субхааналлах" жана "Алхамдулиллах" деп айтуу асман менен жердин
عربي الإنجليزية الأوردية
Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун түктөрүн жулуу
عربي الإنجليزية الأوردية
Мурутуңарды кыскарткыла жана сакалыңарды өстүргүлө
عربي الإنجليزية الأوردية
Усман ибну Аффандын (Аллах андан ыраазы болсун) кулу Хумрон айтат: “Усман ибну Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) даарат алганга суу алдырды да идиштеги суудан эки колуна куюп, колдорун үч жолу жууду. Андан кийин оң колу менен идиштен суу алып оозу менен мурдун чайкады. Андан соң бетин үч жолу жана колдорун чыканакка чейин үч жолу жууду. Андан кийин башына масх тартты да эки бутун үч жолудан жууду. Анан мындай деп айтты: “Мына мен ушундай даарат алганымдай Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат алып жатканын көрдүм”. Анан айтты: “Ким менин даарат алганымдай даарат алып, эч нерсени сүйлөбөй эки рекет намаз окуса, Аллах Таала анын өткөн күнөөлөрүн кечирет”.*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт
عربي الإنجليزية الأوردية
Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет
عربي الإنجليزية الأوردية
Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин
عربي الإنجليزية الأوردية
Суу жетпеген согончокторго азап болот, дааратты жеткиликтүү алгыла!" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Аларды тек кой, анткени мен аларды даарат алып анан кийгенмин
عربي الإنجليزية الأوردية
бул тамыр (жарылгандан чыккан кан). Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер
عربي الإنجليزية الأوردية
Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндө турганда, оозун мисвак менен тазалайт эле
عربي الإنجليزية الأوردية
Даарат ушатууга барганыңарда кыбалага жүздөнүп отурбагыла, артыңарды да салбагыла. Чыгышка же батышка жүздөнүп отургула
عربي الإنجليزية الأوردية
Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгерде бирөөңөрдүн идишине ит башын салса, ал идишти жети жолу жууп тазаласын
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу
عربي الإنجليزية الأوردية
Жунуб адамдын кандай жуунуу керектиги тууралуу
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин толук жуунчу
عربي الإنجليزية الأوردية
Мен маази суусу көп аккан киши элем. Анын күйөө баласы болгонум үчүн пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (бул тууралуу) суроодон уялып жүрдүм. Анан Микдад бин ал-Асвадды сурап келүүгө жибердим. (Сураса), ал: "Аспабын жууп, анан даарат алат" - дептир
عربي الإنجليزية الأوردية
Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү
عربي الإنجليزية الأوردية
Сага колдоруңду мына ушинтсең жетиштүү болмок" - деп, алакандары менен жерди бир жолу чаап, анан оң жана сол колунун үстүнө, анан бетине сүртүп койду
عربي الإنجليزية الأوردية
“Силерден ким болбосун уйкуга жаткан учурда шайтан желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү түйүп жатып "Алдыда узун түн бар, уктай бер деп түйгөн жерине урат
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса,
عربي الإنجليزية الأوردية
Силерден кимиңер жума намазына келсе, жуунуп келсин
عربي الإنجليزية الأوردية
Деңиздин суусу таза, өлүмтүгү адал" - деп жооп берди
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгер суу эки кулла (чоң кумара) чыга турган болсо, ал нажас болбойт
عربي الإنجليزية الأوردية
Силерден бирөөңөр уйкудан турганда мурдун үч жолу кеңилжээрине чейин тазалап жуусун. Анткени шайтан мурундун кеңилжээринде түнөйт
عربي الإنجليزية الأوردية
Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу
عربي الإنجليزية الأوردية
“Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”
عربي الإنجليزية الأوردية
Силердин бирөөңөр даарат алып, анан маасысын кийсе, ошол маасысы менен намаз окуй берет. Кийин даарат алганда маасысына масх тартат жана кааласа аларды чечпейт. Бирок жунуб болсо гана чечип жуунусу керек
عربي الإنجليزية الأوردية
Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз
عربي الإنجليزية الأوردية
Өзүң айыз деп эсептеген мөөнөтүңчө намазды токтотуп тур да, анан жуунуп (окуй) бер" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жолудан, бир жолудан жууп даарат алды
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки жолудан, эки жолудан жууп даарат алды
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын
عربي الإنجليزية الأوردية
Ар бир мусулман жети күндө бир жуунууга милдеттүү, ошол күндөрдө башын жана денесин жууйт
عربي الإنجليزية الأوردية
Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчумун. Ал адамдар таштандыларын таштаган жерге барды да, туруп заара кылды
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканадан чыкканда: "Гуфранака" деп айтчу
عربي الإنجليزية الأوردية