+ -

عن قيس بن عاصم رضي الله عنه قال:
أتيتُ النبيَّ صلى الله عليه وسلم أُريدُ الإسلامَ، فأَمَرَني أن أغتَسِلَ بماءٍ وسِدرٍ.

[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي والنسائي]
المزيــد ...

Кайс бин Асим, радыяллаху анху, риваят кылат:
"Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду".

Сахих (ишенимдүү) - Абу Дауд жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Кайс бин Асим Ислам динин кабыл алгысы келгендиктен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келгенде ага суу жана сидр дарагынын жалбырактары менен жуунууну буйруду. Анткени сидр дарагынын жалбырактары тазалоосу болгону үчүн жана жагымдуу жыты болгону үчүн колдонулат.

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Каапыр адам Исламды кабыл алгандагы жуунуусу шарият мыйзамына киргизилген.
  2. Ислам дини денеге да жана руханий байлыкка да чогуу көңүл бурат.
  3. Сууга таза нерселерди аралаштыруу аны тазалыгынан чыгарбайт.
  4. Сидрдин ордун самын жана башка ушул сыяктуу заманбап жуучу каражаттарды иштетсе болот.
Дагы...