+ -

عَنْ أَبِي قَتَادَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«لَا يُمْسِكَنَّ أَحَدُكُمْ ذَكَرَهُ بِيَمِينِهِ وَهُوَ يَبُولُ، وَلَا يَتَمَسَّحْ مِنَ الْخَلَاءِ بِيَمِينِهِ، وَلَا يَتَنَفَّسْ فِي الْإِنَاءِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 267]
المزيــد ...

Абу Катада (ага Аллах ыраазы болсун) айат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 267]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кээ бир адептерди баяндаган; заара кылган учурда мүчөсүн оң кол менен кармоодон тыйды. Алды жагын, арты жагын оң кол менен тазалоодон тыйды. Анткени, оң кол жакшы иштерди кылууга дайындалган. Ошондой эле суусундук ичкен идиштин ичине демин чыгаруудан тыйган.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча الموري Малагасиче Оромочо Каннадача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ислам дининин адепте жана тазалыкта алда канча алдында экендиги баяндалды.
  2. Ыплас нерселерден этият болуу керек. Эгер тазалоо зарылдыгы болсо, сол кол менен тазалоо керек.
  3. Оң тараптын шарапаттуулугу жана сол тараптан артыкчылыгы бар экени айтылган.
  4. Ислам шариятынын толуктугу жана анын таалим-тарбиясынын ар тараптуулугу айтылган.
Дагы...