عن عائشة رضي الله عنها قالت: قال النبي صلى الله عليه وسلم:
«لَا تَسُبُّوا الْأَمْوَاتَ، فَإِنَّهُمْ قَدْ أَفْضَوْا إِلَى مَا قَدَّمُوا».
[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 1393]
المزيــد ...
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
Өлгөндөрдү тилдебегиле. Анткени алар өздөрү аткарган иш-аракеттерине жетишти.
[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 1393]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлгөндөрдү тилдөөнү жана алардын ар-намысына тийүүнүн арам экенин баяндап жатат. Бул тилдөө адеп-ахлактын терс жактарынын бири. Анткени алар аткарган жакшы же жаман иш-аракеттерине жетишкен. Ошондой эле бул тилдөө аларга жетпейт. Анткени ал тилдөө тирүүлөргө гана зыян жеткирет.